Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАЛАРЫ АЙЛАНАСЫНДАГЫ МАСЕЛЕ КУРЧ БОЙДОН


Нарын АЙЫП, Прага Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик 1-июнда Иран боюнча жаңы маалымат жарыялап, Тегеран өзүнүн өзөктүк программаларынын алкагында уранды байытуу боюнча технологияны сырттан сатып алган деп билдирди. Анткен менен Агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеинин айтымында, Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү кеңири кыруучу курал чыгаруу багытында жүргүзүлгөнү тууралуу так маалымат жок.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иран маселесин 14-июнда кароого тийиш. Анын алдында Словакиянын борбору Братислава шаарында 1-июнда өткөн НАТОнун жыйынында Агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи Иран боюнча даярдалган докладда келтириле турган кээ бир маалыматтарды жарыялады.

2002-жылдын август айында АКШ жетекчилиги Иранды күнөөлөп, ал өзөктүк курал чыгаруу программасын эл аралык коомчулуктан жашырып жүргүзүүдө деп, Тегеранга каршы Бириккен Улуттар тарабынан чектөө салынышын талап кылган. Көпкө уланган тирешүүдөн кийин Иран жетекчилиги 2003-жылдын февралында өлкөгө эл аралык текшерүүчүлөрдүн келишине уруксат берген.

Бир жылдан ашык убакыттан бери Иранда өзөктүк куралдын изи табылган жок. Бирок акыркы жарыяланган маалыматтарга караганда, бир кезде Иран сырттан уранды байытуучу аспаптарды сатып алган. Андай аспаптар аскерий эмес максаттарда колдонулбайт.

Эл аралык кризис тобунун Амман шаарында жайгашкан борборунун эксперти Робин Баттинин пикиринде, аны менен маселе бир топ татаалдашууда:

- Агенттиктин жаңы маалыматтары өтө маанилүү сыяктуу жана эми маселе - жөн гана Иран өзөктүк куралды чыгаруу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөнбү же жүргүзгөн эмеспи дегенде гана эмес, Иран эл аралык соода эрежелерин дагы бузган деген күнөө чыгууда.

Анткен менен 2-июнда Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Хасан Роухани атайын билдирүү жасап, Агенттик жарыялаган маалыматтарды сынга алды. Анын айтымында, бардык маселелер чечилип бүткөн жана уранды байытуу боюнча аспаптар Ирандын өзүндө өндүрүлгөн, докладда болсо маселеге тийешеси жок көп нерселер жазылган.

Бирок Агенттиктин башчысы Элбарадеи Иран өкмөтү өзүнүн кээ бир ишканаларын эл аралык текшерүү үчүн ачып бергенин жогору баалап, Иранда өзөктүк курал өндүрүү иштери канчалык деңгээлге жеткенин азырынча так билүү мүмкүн эмес экенин айтууда. Ошондуктан, анын пикиринде, кандайдыр бир кескин жыйынтык чыгаруу азырынча эрте.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон дароо Тегеранга карата жаңы сын айтып, эл аралык эрежелерди бузганы үчүн Иран Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин алдында жооп берүүгө тийиш деп билдирди. Ирандын президенти Мохаммед Хатами болсо өткөн аптада атайын билдирүү жасап, эгер кээ бир өлкөлөр Иранга мындан ары дагы ушу сыяктуу басым жасаса, Бириккен Улуттардын инспекторлору менен Иран өз кызматташуусун токтотуп, өлкө аймагына күтүүсүз текшерүүчүлөрдүн келишине тыюу салышы мүмкүн экенин айтты.

Ошондуктан 14-июнда боло турган жыйында маселе жаңы деңгээлге көтөрүлүшү мүмкүн. Анткен менен кээ бир эксперттердин айтымында, азыр дүйнөдө Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн мурда Түндүк Кореядагы абал алда канча курч. Американын чалгындоо маалыматтарына караганда, Түндүк Корея өзүнүн алгачкы атом бомбасын өндүргөн жана андай бомбаны бутага жеткире турган ракеталарга да ээ. Эң коркунучтуусу болсо, Түндүк Корея өзөктүк технологияны чет өлкөлөргө да саткан жана эл аралык террорчулардын колуна өзөктүк курал Түндүк Кореядан тийиши ажеп эмес.

Сүрөттө: Элбарадей Ханс Бликс менен ("Азаттыктын" архивинен)

XS
SM
MD
LG