Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

ЕВРОПАДАГЫ ИММИГРАЦИЯ МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарында жайгашкан "Эл аралык мунапыс" уюму жакында Европа Биримдигин күнөөлөп, террорчулукка каршы күрөштүн шылтоосу менен европалык өлкөлөр сырттан келген миграцияны чектеп, Европадан баш калка сураган адамдардын санын кыскартууда деп билдирди. Биримдиктин иммиграция маселелери боюнча комиссары андай күнөөнү четке какты.

Европа Биримдигинин иммиграция боюнча комиссары Антонио Виторино 2-июнда атайын жыйын өткөрүп, Биримдикке жаңы мүчө-мамлекеттер кошулгандан кийин, алардын кээ бирлеринде миграция эрежелери катуулагандыгы тууралуу билдирди. Бирок мындай аракеттер - жөн гана иммигранттардын же баш калка сурагандардын санын кыскартуу үчүн эмес, мыйзамдарды так аткарып, баш калканы ага чыныгы муктаж адамдарга берүү максаты менен көрүлүүдө:

- Баш калка берүү системасына эбегейсиз басым жасалып, эрежелер азыр бир кыйла бузулууда. Ошондуктан андай эрежелерди так аткаруу боюнча талаптар - баш калкага чыныгы муктаж адамдардын укугун коргоо максатын кууйт. Чындап эле баш паанек издеген адамдарды жөн гана жер которууну көздөгөндөрдөн айырбаштоо тийиш жана аны 'Эл аралык мунапыс' уюму унутпаш керек. Европадан баш калка издегендерди коргоонун эң туура жолу - эрежелерди так аткаруу, антпегенде система иштебейт, жана эреженин бузулушу менен биз дайым күрөшөбүз.

Анткен менен Виторинонун өзүнүн айтымында, аталган эрежелер өзү дагы өзгөртүлүүгө муктаж жана азыр Биримдикке кирген өлкөлөр ортосунда бул маселе кеңири талкууланууда. Мисал үчүн, жакында Алмания, Австрия, Белгия, Люксембург жана Нидерланд өздөрүнүн полиция уюмдарынын кызматташуусу боюнча жаңы келишимге кол койду. Бул демилгени Биримдиктин башка өлкөлөрү дагы колдошу мүмкүн.

Ошол эле учурда, Европага жалаң эле саясий башка калка издегендер бет албайт, жумуш миграциясы дагы бир топ жана бул жараяндар жакшы көзөмөлгө алынып, Европа Биримдигинде бирдиктүү саясат иштеп чыгуу керек. Кээ бир европалык мамлекеттерде иммигранттарга каршы маанай эмгиче күчтүү жана ал жоюлууга тийиш.

29-май күнү болсо Алманиянын "Тагесцайтунг" гезитинде Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын дал ушу маселе арналган макаласы жарыяланды. Аннандын айтымында, азыр Европа Биримдигине кирген жана талапкер өлкөлөрдө бардыгы болуп 450 миллион адам жашайт, бирок 50 жылдан кийин бул сан 400 миллионго чейин төмөн түшөөрү күтүлүүдө, анткени бала төрөлүү саны Европада жыл өткөн сайын кыскарууда.

Ошондой эле жагдай жакын арада Жапания, Орусия жана Түштүк Кореяда дагы түзүлүшү мүмкүн. Андан чыккан маселелерди сырттан келген иммиграциясыз чечүү кыйын. Мындан беш жүз жыл мурда Европанын кедей калкынын кеңири катмарлары жаңы ачылган Америкага көчүп барып, ал жерде жаңы мамлекет, жаңы турмуш иммигранттар тарабынан курулганын дагы эстен чыгарбаш керек.

Кофи Аннандын айтымында, бардык эле мигранттары мыйзам бузгандар деп эсептеген жаңылыштык. Башка өлкөгө көчүп баргандар кандай болбосун жумуш кылууга даяр жана өз милдетин так аткарууга умтулган адамдар. Өнүккөн мамлекеттердин калкын алар кара жумуштан бошотуу менен алардын андан аркы өнүгүүсүнө жол ачып берүүдө. Аны менен катар, мындай миграциядан өнүкпөгөн өлкөлөр дагы пайда табууда. Мисал үчүн, 2002-жылы өнүккөн мамлекеттердин өнүкпөгөн өлкөлөргө көрсөткөн жардамы 57 миллиард доллар болсо, ошол өнүкпөгөн өлкөлөрдөн Батышка келген мигранттар өз мекенинде калган туугандарына 88 миллиард долларга тете жардам көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG