Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Ирактын тышкы иштер министри Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши менен жолугушат


НЬЮ-ЙОРК. Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши менен жолугушуу үчүн Нью-Йоркко келди. Жолугушууда Ирак маселеси боюнча АКШ жана Британия иштеп чыккан резолюциянын долбоору талкууланат. Ирактын өкмөтү документте анын талаптары эске алынууга тийиш, деп эсептейт.

- Бул биз үчүн өтө маанилүү резолюция жана анда Ирактын көз карашы да чагылдырылууга тийиш,- деп айтты Зебари.

Франция, Кытай, Германия жана Россия долбоорго Ирактын өкмөтүнө 30-июндан кийин толук северендүүлүктү камсыз кылган оңдоолор киргизилүүсү абзел, деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG