Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

КЕЛЕЧЕКТЕ КҮНДҮН ТАБЫ КАРАМАЙ МЕНЕН ГАЗДЫ АЛМАШТЫРАБЫ?


Жума күнү Бонндо отун энергиясынын жаңыланма түрлөрүн пайдаланууга арналган бийик деңгээлдеги эл аралык конференция аяктады. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер жана Британиянын премьер-министри Тони Блэр жыйында сүйлөгөн сөздөрүндө дүйнөлүк мунай өндүрүү бүгүнкү күндө террорчулардын чабуулуна көз каранды болуп калганына көңүл бурушту. Анын далили катары Шрөдер май айынын соңку күндөрүндө Саудияда иштеген чет элдик адистер жашаган турак жай комплексине кол салууну атады.

Эл аралык базарда 39 литр же бир баррель иштетилбеген кара майдын баасынын 41 доллар кымбаттап кетүүсү Батыш өлкөлөрүн жаңы энергия булактарын, анын ичинде ордун толуктап калыптанып туруучу отун энергиясын издөөгө аргасыз кылууда. Бул маселеге Бонн шаарында аяктаган эл аралык конференция да арналды. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер жыйында мунайды алмаштырчу отундун түрлөрүн издөөнүн зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:

- Дүйнөлүк экономиканын жалаң кара майга баш байлап алуусу бизди терроризмдин бардык түрлөрүнө көз каранды кылат. Жаңыланма отун булактарын пайдалануу чечими экономикалык жактан эле эмес, биз жашаган дүйнөнүн коопсуздугун бекемдөө үчүн да маанилүү.

Шрөдердин айтымында, мунайдын акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй кымбаттап кеткени, күндүн, шамалдын жана биоэнергия сыяктуу энергиянын аз өздөштүрүлгөн түрлөрүн пайдаланууга түртөт.

Германия шамалдын энергиясын пайдалануу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Өлкөдө 15 800 желпара бар жана алар өндүрүлгөн жалпы энергиянын 6 процентин берет. Немецтер күндүн кубатын да жигердүү пайдаланышууда. Өткөн жылы адистешкен ишканалар 1,2 миллиард еврого күндүн энергиясын саткан.

Германия жаңыланма энергияны колдонуу аркылуу аба ырайынын ысып кетүүсүнө алып барчу зыяндуу өндүрүштүк газдарды бөлүүнү 20 процентке азайткан.

Британ өкмөт башчысы Тони Блэр да улуттук коопсуздук үчүн жаңыланма отун энергиясын пайдаланууну көбөйтүп, мунайды сырттан сатып келүүнү азайтуу керек экенине токтолду:

- Жаңыланма энергияны колдонуудан жалгыз гана табият пайда көрбөсүнө мен бул жыйында күбө болдум. Энергия менен камсыздоо бизди чоң түйшүккө сала баштады. Жаңыланма энергияны кеңири колдонуу жана энергияны сарамжалдуу пайдалануу коопсуздугубузга байланыштуу маселелерди чечүүчү куралдарды колубузга берет.

Блэр кайрылуусунда жаңыланма энергияны пайдалануудан абаны зыяндуу өндүрүштүк газдар менен булгоо азая турганын айтты:

- Келечекте абага зыяндуу газдарды бөлүүнү азайтуу дүйнө коомчулугу үчүн өтө үлкөн түйшүк болот сыяктуу. Бул маселе дүйнөнүн стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн да маанилүү. Британия климаттын өзгөрүүсүн болтурбоо үчүн жүрүп жаткан күрөштө жетектөөчү ролду ойноодо. Британия көмүртектин кычкылтегин абага бөлүүнү 2050-жылга чейин 60 процентке кыскартууну, 2010-жылы өлкөнүн энергияга болгон муктаждыгынын 10 процентин жаңыланма отундар менен камсыздоону жана 2020-жылга бул көрсөткүчтү эки эсеге жакшыртууну жакында өз алдына мерчем кылып алды.

Бонндо өткөн жыйындын катышуучулары Россиянын 1997-жылы кол коюлган Киото келишимине кошулуу ниетин колдошту. Буга дейре Москва зыяндуу өндүрүштүк газдарды абага бөлүүнү чектөөгө багытталган Киото келишимине каршы чыгып келген. Кошмо Штаттары моюн толгоп турган шартта, Россиянын келишимге кошулуусу, анын аткарылышы үчүн зор мааниге ээ.

Шрөдер орус президенти Путиндин жакшы ыкласы, Киото протоколунун зарурат мыйзамга айланышына жана башка өлкөлөрдүн ага кошулуусуна өбөлгө түзөт деген үмүттө:

- Киото келишими сөзсүз эле мыйзамый күчкө ээ болушу шарт. Ошондуктан Россиядан башка мамлекеттер да жакында бул келишимди ратификация кылат деген тилегим бар.

Батыш Европада ордун толуктап туруучу жаңыланма энергияны өздөштүрүү 1970-жылдардагы мунай кризисинен кийин башталган. Европа Союзу бекиткен планга ылайык, 2010-жылы биримдикке кирген өлкөлөр жалпы керектөөсүнүн 12 процентин жаңыланма энергиянын эсебинен канааттандырыш керек. Азыр бул көрсөткүч 6 процентке барабар.

XS
SM
MD
LG