Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

Сауд Арапстандын парламенттик делегациясы Ысыккөлдө болду


КАРАКОЛ. Сауд Арапстан королевствосунун расмий делегациясынын жетекчиси доктор Салиха Бен Абдуллавин Хумейдис баштаган топ Чолпоната шаарындагы мамлекеттик резиденцияда облус губернатору Токон Шайлиева менен жолугушту. Чет өлкөлүк меймандар кемеге түшүп, Ысыккөлгө сейил курушту. Ошондой эле "Манас ордо" комплексиндеги улуттук колоритке бай буюм-тайымдар менен таанышты.

5-июнда Чолпоната шаарындагы ат майданында меймандардын урматына улуттук ат оюндары уюштурулат. Ысыккөлгө табынуу жана эс алуу үчүн келген меймандар үчүн Токон Шайлиева атайын сый тамак берип, кыргыз элинин меймандостугун көрсөтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG