Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

БУУнун программасынын алкагында конкурс жарыяланды


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы эл аралык фотоконкурс жарыялады. Бул тууралуу бүгүн АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында БУУнун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Давид Акопян жана айлана-чөйрөнү коргоо программасынын улуттук комиссиясынын төрагасы Андрей Фесенко билдиришти. Алардын маалыматына караганда, төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан бул эл аралык конкурстун максаты - жер шарынын жаратылышын бузбай сактап калууга адам баласын үндөө. Жаратылыштын жан кейиткен абалга келген көрүнүштөрүн жана анын ажайып кооздугун фотосүрөт гана так чагылдырып көрсөтө алат. Конкурс 5-июндан 24-октябрга чейин созулат. Башкы жеңүүчүсүнө 20 миң долларлык сыйлык берилет.

XS
SM
MD
LG