Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Самара шаарындагы“Кировский” жайма базарында жардыруу болду


БИШКЕК. Бүгүн түшкө маал Орусиянын Самара шаарындагы “Кировский” жайма базарында катуу жардыруу болду. 3-4 килограмм тротил эквиваленти күчүндөгү жардыруудан онго жакын адам каза болуп, 30дан ашууну жаракат алган. Бул тууралуу РИА”Новости” маалымат агенттиги билдирди. Алгачкы маалыматтарга караганда, жардыруунун кесепетинен соода-сатык кылып жүрүшкөн кыргызстандык 2 аял жана азербайжан улутундагы 3, орус улутундагы 5 адам каза болушкан. Жардыруунун себептери белгисиз. Коопсуздук кызматы жана тартип коргоо органдары кандуу окуяны иликтешүүдө.

XS
SM
MD
LG