Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Ганси атындагы авибазада курама үйлөр тургузулат


БИШКЕК. Антитеррористтик коалициянын Ганси атындагы авибазасындагы чатырлар алынып, анын ордуна курама үйлөр орнотулат. Мындай маалыматты бүгүн авиабазанын коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Майкл Жонсон журналисттер менен жолугушууда билдирди. Анын маалыматына караганда, мындан үч жыл мурда орнотулган чатырлардын эскилиги жеткендиктен алар курама жыгач үйлөргө алмаштырылат.

Ал эми мындан эки жыл мурун Сокулук районунун аймагынан ижарага берилген 300 гектар жерге азырынча эч нерсе курулбайт. Майкл Жонсондун айтымында, коалиция ал жерди ижарага алуудан баш тартпайт, бирок башкы командачылык ал жерге эмне кураарды азыр чече элек. Ал эми база орношкон азыркы жерде ашкана жана медициналык жай курулганы жатат.

XS
SM
MD
LG