Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

АКШнын ЧАЛГЫНДОО КЫЗМАТЫНЫН БАШЧЫСЫ ИШТЕН КЕТТИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 3-июнда АКШнын чалгындоо кызматынын башчысы Жорж Тенет кызматтан кетти. Тенеттин ордун анын орун басары болуп иштеген Мк Лафлин ээлейт. Бул жөнүндө президент Жорж Буш бейшемби күнү Европага жөнөп кетээр алдында билдирди. Тенеттин өзү кызматтан "турмуштук жагдайларга байланыштуу" кетип жатканын айтты. Бирок байкоочулардын көбү чалгындоо кызматынын башчысы ишинде кетирген ири кемчиликтерден улам бошоп жатканын айтышат.

Бейшембиде сүйлөгөн сөзүндө Жорж Тенет анын кызматтан кетишине жеке себептер гана түрткү болгондугун айтты:

- Бул - мен үчүн өтө кыйын чечим болду, анткени ырасмий Вашингтон да, маалымат каражаттары да муну башкача чечмелешет. Бирок бул менин үй бүлөөмдүн каалоосу боюнча гана кабыл алган жеке чечимим.

Тенеттин кызматтан кеткени көпчүлүк байкоочуларды таң калтырган деле жок. "11-сентябрдагы террордук чабуулду алдын алалбады", "Ирактын кыргын салуучу куралдары жөнүндө туура эмес маалымат берген" деп төө бастыга алынып келаткан Тенет иш жүзүндө кызматтан кеткенге мажбур болгонду дешет аналитиктер. Ак үйдүн өкүлдөрү Тенетти Саддамдын куралдары жөнүндөгү жалган маалымат менен АКШнын жетекчилигин адаштырып, Ирак согушуна түрткүлөгөн, деп кинээ такканга аракеттенишкен.

Бирок Тенет өзүнүн жана мекемесинин дарегине айтылган сындарды четке кагып келди. Анын айтымында, 11-сентябрдагы каргашага өлкөнүн чалгындоо кызматы менен федералдык тергөө бюросунун өз ара айкалышып иштей албагандыгы себеп болгон. Саддамдын куралдары боюнча сын пикирлерге Тенет мындан бир нече ай мурда:

- Саддамдын кыргын салуучу куралдарды жасап чыгаруудагы аракеттерине ого эле жогору баа берип койгон экенбиз. Азырынча Иракта химиялык куралдар бар экендиги жөнүндөгү маалыматтар ырастала элек,- деп мойнуна алган.

АКШнын чалгындоо кызматында иштеп, отставкага чыккан генерал Эдвард Аткенсон чалгындооо кызматынын иши Тенет мекеменин эски кызматкерлеринен түзүлгөн башкармалыкты жоюп жибергенине байланыштуу начарлаганын айтат. Тажрыйбалуу адистерден куралган башкармачылык чалгындоо мекемесин жалган жана текшерилбеген маалыматтардан арылтып турган, дейт генерал.

Бирок башка бир адистер Тенеттин кетишин Буштун саясаты менен байланштырышат. АКШнын чалгындоо кызматында иштеп, пенсияга чыккан полковник Кеннет Аллард Тенетти кетирүү менен Буштун администрациясы 11-сентябрь менен Ирактын "кунун төлөгөнүн" айтат.

Алландын көз карашында, чалгындоо кызматы өкмөттү жалган мааламат менен адаштырган эмес, тескерисинче, Ак үй чалгынчылардын маалыматтарын Иракта көздөгөн өз максаттарына ылайыкташтырып, бурмалаган.

- Алар чалгынчылардын маалыматынан өздөрү көксөп турган нерселерди гана көрүшкөн. Менимче, айрым учурда чалгындоо иши начар болуп, керектүү маалыматтар жетишпей, же алынган маалыматтар бири-бирине кайчы келип турган. Бирок аткаминерлер андан баары бир өздөрү каалаган фактыларды гана көрүп турушкан,- дейт Аллард.

Отставкадагы чалгынчынын көз карашында, Тенет 11-сентябрдагы теракттар жана Ирак согушу үчүн көптөн бери сынга алынып келаткан Жорж Буштун "сынчыларга садага чабылган сары эчкиси" болуп калды. Тенет өз каалоосу менен кеткен жок, аны Буш кызматтан алды. Буштун өзүн болсо Америка элинен башка эч ким кетире албайт, дейт Аллард.

- Буштун Иракка согуш ачуу үчүн пайдаланган шылтоосу дурус эмес болушу ыктымал. Бирок согуш ачуу чечимин Буш кабыл алган жана согуш үчүн жоопкерчиликке эл Бушту тартат,- деп кошумчалады отставкадагы полковник.

XS
SM
MD
LG