Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

ИРАКТЫН ӨКМӨТҮ ТОЛУК СУВЕРЕНИТЕТ ТАЛАП КЫЛУУДА


Сапар Орозбаков, Прага Ирак боюнча резолюцияны караган Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Ирактын тышкы иштер министри Хошьяр Зебари кеңештин мүчөлөрүн Иракка толук суверенитет берүүгө чакырды. Ал кечээ Коопсуздук кеңеште сүйлөгөн сөзүндө, Ирак өкмөтүнүн даражасын көтөрүш үчүн ага коалициялык күчтөрдүн ишине кийлигише алгыдай укук берилиш керек деп белгиледи.

Кечээ Ирактын суверендүүлүгүн калыбына келтирүү маселесин талкуулаган Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Ирактын тышкы иштер министри Хошьяр Зебари Ирактын өкмөтүнө өлкөдөгү маселелердин баарын ишенимдүү чече алгыдай толук бийлик бериш керек деп билдирди. Зебари ошол эле мезгилде, өлкө башаламандыкка түшүп кетпес үчүн жана ич-ара согуш болбос үчүн, Ирактын бутуна тура элек өкмөтү коалициялык күчтөрдүн кала беришине муктаж экендигин айтты. Ал бул эки маселенин ортосунда туура баланс коюлушу керек экендигин баса белгиледи:

- Куралдуу күчтөрдүн жардамы уланып, биздин алар менен кызматташууга муктаж экенибиз Иракта бүгүн обьективдүү нерсе. Бирок биз убактылуу өкмөттү жек көрүндү кылбай турган, ошол эле мезгилде өздөрүн коргой алгыдай коалициялык күчтөрдүн болушун каалайбыз.

Кийин Зебари журналисттер менен болгон маегинде өз оюн минтип тактады:

- Эгерде өлкөнүн саясий жана коопсуздук абалына таасир эткидей согуш аракеттери болсо, ал убактылуу өкмөт тарабынан каралып, алардын аракеттери биздин макулдук менен гана жасалышы зарыл.

АКШ жана Улуу Британия сунуш кылган резолюция долбоорунда Ирак армиясын жана полициясын өкмөттүн карамагына берүү каралган. Анда коалициялык күчтөр өлкөдө саясий кырдаал стабилдүү болгондо гана чыгарылаары айтылган. АКШнын жана Британиянын бийликтери Иракта саясий стабилдүүлүк 2006-жылдын январына чейин орнотулушу керек деп эсептешет.

АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Жон Негропонте коалициялык күчтөр өлкөнүн коопсуздук маселелери тууралуу Ирактын жетекчилери менен кошумча сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди. Ал 30-июнда Иракка толук суверинитет берилээрин кошумчалайт:

- Бул милдеттерди бөлүштүрүүгө жана көчө кайтарган аскерлерден тартып эки өкмөткө чейинки баардык деңгээлдердин кызматташуусуна негизделген чыныгы өнөктөштүк болот.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл шаршембиде Дубайдагы радиоберүүлөр борборунда сүйлөп, коалициялык күчтөрүнүн аракеттерине вето коюуга Ирактын өкмөтүнө укук берилбесин айткан. Колин Пауэлл Ирак өкмөтүнөн уруксат алуу мүмкүн болбогон ар кандай шашылыш жагдайлар чыгышы мүмкүн деп эсептейт.

Ал мындай учурда Ирактын өкмөтү талаш-тартышка кирип кетип, абалды курчутууга алып келиши мүмкүн дейт.

Американын расмий адамдары коалициялык күчтөргө кайсы учурларда өз алдынчалык берилээрин Ирактын өкмөтү менен кат жүзүндө чечип алышарын айтышат. Коопсуздук кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү болсо ал резолюцияда чагылдырылышы керек деп эсептешет. Зебари өзүнүн сөзүндө бул тууралуу Ирак өкмөтүнүн позициясы кандай экендигин так айткан жок. Бирок ал резолюцияда коалициялык күчтөрдү чыгарып кетүүнүн так мөөнөтү көрсөтүлүшү керек деген Германиянын жана Франциянын сунушуна каршы чыкты:

- Аларды азыр алып чыгарып кетүү тууралуу талап коюу же так мөөнөтүн көрсөтүү таптакыр туура болбойт. Бул - абалды курчутууну көздөшкөн душмандар тарабынан пайдаланышы мүмкүн. Биз ал күчтөрдүн мүмкүн болушунча тез чыгарылышына чара көрүүгө даярбыз, - деди Зебари.

Ирандын тышкы иштер министри Коопсуздук кеңештин мүчөлөрүн Конституция кабыл алынганга чейин март айында Ирактын Жетекчилер кеңеши кабыл алган Убактылуу административдик жобону бекитип берүүсүн сурады.

Резолюцияда бул жобо жөнүндө жазылган эмес. Зебаринин айтымында, өлкөдөгү саясий процесстерди жөнгө салууда анын мааниси зор. Бирок анын резолюцияда жазылышына шийи мусулмандарынын лидери аятолла Али ас-Систани каршы деген маалымат бар. Ас-Систани Ирактын убактылуу өкмөтүнүн курамы Ирактагы элдин жана саясий күчтөрдүн курамын пропорционалдуу чагылдырбайт деп айтып келет.

Бирок ал талкууланып жаткан резолюцияга өзүнүн макулдугун берген болчу. Зебари Убактылуу административдик жобо тууралуу Ас-Систанинин пикирин билбей тургандыгын айтты. Британиянын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Эмир Жоунс Парри бул маселени ирактыктар өздөрү ич ара чечип алганы оң экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG