Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

ТОКОЙЛОР ТОНОЛУП БАРАТАТ


Кыргызстандын орчундуу экологиялык проблемаларынын бири - кийинки жылдары арбып бараткан жер көчкүлөрү. Токойлордун жылдан-жылга азайып, бак-дарактар кыйгас кыйылып аткан чакта андай табигый кырсыктар болбойт деп айтыш кыйын. Кийинки жылдары табиятты коргоо, экологиялык проблемаларды чечүү аракети жасалбай деле калды. Экономикалык оорчулукка шылтап, токойду бүлүнтүү, отун-сууга деп өсүп жаткан дарактарды кыюу күч алды.

Акыйкатта да, өзгөчө оор абалга токой туш келди. Кыргызстандын түштүгүндөгү уникалдуу жаңгак токою жылдан-жылга суюлуп, жок болуп баратат. «Алейне» табиятты коргоо кыймылынын жетекчиси, илимпоз Эмил Шүкүровдун айтымында, жаңгак токоюнун оор абалга кептелишине эки жагдай себеп болууда. Токойдогу дарактарды кыйгас кыюунун, аны мал жайытка айлантуунун кесепетинен жаңгак токою жаңыланбай калды:

- Жаңгак мөмө-жемиш токоюнун абалы өткөн кылымда эле кооптонтуп келген. Башында токой ичинде мал жайууга тыюу салынган. Кийин антишке уруксат беришкен. Анын натыйжасында ушу тапта токойдун көп жерлеринде жаш көчөттөр, балакалар жок. Жаңгак токою жаңыланбай калды. Башкача айтканда, 30-40 жылдык дарактар жок. Токойдо негизинен картаң дарактар гана калды. Бул баласыз жалаң кары-картаңдардан турган коомду элестетчү көрүнүш. Андай коомдун келечеги жок. Бул аз келгенсип, кийинки жылдары дарактарды кыйгас кыюу башталды. Уурдап кыйганы бар, уруксат алып алып кыйганы толтура.

Эмил Шүкүровдун ырасташынча, оболу дарактарды кыюуну токтотуш керек. Бирок бул азыркы экономикалык шартта ишке ашышы күмөндүү маселе. Айрым адистер токойго жакын жашаган элдин электр акысын азайтуу керек деген сунушту билдиришүүдө. Кыргыз токоюн сактап калуунун бир жолу катары айрымдар токой участокторун жергиликтүү калкка узак мөөнөткө ижарага берүү зарылдыгын айтышууда.

Эмил Шүкүров токойду сакташ үчүн ал жердеги дарактарды кыюуга, токой ичинде кышкыга тоют даярдоого тыюу салыш керек, деп эсептейт. Маалымат үчүн айтып коёлу, жаңы "Токой кодексинде" токойдогу дарактарды кыюуга уруксат берилген.

- Айрым түрлөрдү кыюуга уруксат берилген. Эгер андай уруксат берүүлөр тыйылса бүлгүнчүлүккө чек коюлар эле. Бул биринчиси. Экинчиси, кандай болгон күндө да токойдо мал жаюу, кышкыга тоют даярдоону токтотуш керек. Мунун айынан жаңы өсүп келаткан көчөттөр тепселип, кыйылып жок болууда. Бул иштерди Мамлекеттик токой кызматы аткарышы керек,- дейт Эмил Шүкүров.

Кийинки жылдары Кыргызстандын жаңгак мөмө-жемиш токойлорун сактоо, карагай-арчаларды коргоо боюнча биртоп долбоорлор ишке киришти. Жалпысынан изги максат-тилекти аркалаган бул иш-чаралардын кайрымжысы аз болууда. Эларалык уюмдардын каржылоосу менен ишке ашырылып аткан долбоорго саналуу гана кишилер катышып, көпчүлүк калк маанилүү иштен сыртта калууда. Токой тагдырын чечүү карапайым токойчулардын катышуусунда жүргүзүлүшү керек.

Кароосуз калган токой уюшкан уурулук менен жеңил пайда көздөгөн шылуундардын колуна тийди. Токой жок болсо жер көчкүлөр дагы көбөйүп, экологиялык кырсыктар айыл-айылдарды тооруп каларын ойлогон киши аз дешет адистер.
XS
SM
MD
LG