Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Рим папасы Иоанн Павел бүгүн Швейцарияга сапар тартууда


Бул – 84 жаштагы католик лидеринин соңку 9 ай ичинде аткарган алгачкы зыяратчылыгы. Швейцариянын борбору Бернде Рим папасы миңдеген жаштарга кайрылуу жолдоп, жекшембиде ачык асман алдында таат окууру күтүлүүдө. Жума күнү Папа Иоанн Павел Ватиканда АКШ президенти Жорж Буш менен жолугушуп, Ирактын толук эгемендүүлүгүнө бардык шарттарды түзүп берүүгө үндөп, америкалык аскерлердин ирактык туткундарды кордоо фактыларына байланыштуу өкүнүчүн билдирген. Президент Буш Рим папасына Американын эң жогорку сыйлыктарынын бири – "Эркиндик" медалын тапшырган.

XS
SM
MD
LG