Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Бангладеш Иракка аскер жибериши ыктымал


АКШнын коргоо министри Д.Рамсфелд Дахада Бангладеш өкмөтү менен Иракка бейпилдик аскерлерин жөнөтүү маселесин талкуулайт. Бул максатта ишембиде Пентагондун жетекчиси Бангладештин премьер-министри Халеда Зиа жана тышкы иштер министри Хан менен жолугушат.

Бүгүн эртең менен Рамсфелд Сингапурда чогулган Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү өнөктөштүк боюнча жыйынга катышкан. Азиялык 20дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышып жаткан жыйында ал Америка ушул чөлкөмдөгү өлкөлөр менен коопсуздук маселелеринде кызматташууга кызыкдар экенин белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG