Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

АКШнын президенти Жорж Буш Европадагы сапарынын алкагында Парижге барды


Ал Францияда президент Жак Ширак менен сүйлөшүү өткөрүп, 1944-жылы 6-июнда башталган Батыш Европаны фашисттерден бошотуу майданынын 60 жылдык салтанатына катышмакчы. Президент Буш ишембиде эртең менен Римде Италиянын премьер-министри С.Берлускони менен жолугушкан. Анын соңунда өткөн маалымат жыйынында Буш Ирак боюнча резолюция чукул арада кабыл алынарына ишенээрин билдирди. "Мен Ирактын жаңы өкмөтү менен иштешүүдө өз ара түшүнүшүү бар экенин айта алам. Азыр Коопсуздук Кеңешине мүчө мамлекеттер менен кеңешип жатабыз, жаңы резолюция жакын арада кабыл алынып каларына ишенем", - деди АКШ президенти.

XS
SM
MD
LG