Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Баткендин бийлиги коңшу облуска кат жолдоду


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 5-июнда алынган маалыматка караганда, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Алишер Атабаевдин наамына кат жолдонду. Анда Сох анклавындагы чек ара бекеттерине өтүүдө кыргыз атуулдарынын укугу бузулуп жатканы, өзбек чек арачылары ар кандай шылтоолор менен акча алмайын өткөрбөстүгү эскертилет. Мындан сырткары ушундай эле мамилеге туш болуп жаткан Кадамжай районунун Өзбекстанга чектеш аймактарында жашаган элдин өзбек чек арачыларына болгон нааразылыктары күн санап күчөп жатканы белгиленген.

Ал эми каттын соңунда мындай мыйзамсыз аракеттер менен кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда 2000-жылдын 2-июлунда кол коюлган эки тараптуу келишим одоно түрдө бузулуп жаткандыгы эскертилип, Фергана облусунун башчысынан өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз аракеттерин тез арада жөнгө салуу жагы суралган.

XS
SM
MD
LG