Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Кыргыздарды көчүрүүнү жеңилдетүү боюнча макулдашуунун долбоору даярдалууда


БИШКЕК. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда адамдарды көчүрүүнү жөнгө салуу жана алардын укуктарын коргоо боюнча макулдашуунун долбоору даярдалып жатат. Бул долбоорго сентябрда Дүйшөмбү шаарында боло турган кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун алкагында кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин курамындагы миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов билдирди. Анын айтымында, макулдашууга ылайык бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүүнү каалаган адамдар карыз, кредит, салыктардан кутулууга тийиш болот. Ошондой эле, мүлкүн чекарадан алып өтүп жаткан учурда алар бажы төлөмдөрүнөн жеңил алышат.

Хакимовдун айтымында, жакынкы келечекте ушундай эле макулдашуунун долбоору Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда да даярдалат. Чет өлкөдө жашаган 650 миң кыргыздын 370 миңи Өзбекстанда жашайт. Ал эми эгемендүүлүк жылдары Тажикстандан 12 миң кыргыз көчүп келген. Бул өлкөдө азыр 65 миң чамалаш кыргыз бар.

XS
SM
MD
LG