Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Депутат менен гезит 8-июнда сотто кездешет


БИШКЕК. 8-июнда Свердлов райондук соту көз карандысыз «Учкун» гезитине карата сот ишин баштайт. Буга Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабировдун доо арызы негиз берди. Доогер «"Ош газды" ойрондогон Сабиров» аттуу макала үчүн басылманы сотко берген. Анда доогер макала «адамдык ар-намысына, ишкер беделине доо кетиргендигин, фактылар жалаа экендиги» белгилеген. Моралдык чыгым үчүн «Учкун» гезитинен 5 миллион сом, автор Калил Жамгырчиевден 1 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. Мындан тышкары депутат Сабиров макаланын авторун Кылмыш кодексинин 127-беренесинин 2,3 пункттары боюнча 3 жылга эркинен ажыратууну сураган. Макаланын автору болсо депутаттын дооматын актануу максатындагы аракет катары баалап, фактылар ар тараптуу текшерилгенден кийин пайдаланылгандыгын айтууда.

XS
SM
MD
LG