Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Түрк делегациясы Жогорку Кеңеште болду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында Анадолунун Ескишефирден парламентке өкүлү Мухаррем Төзчокен баштаган Түрк делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Аны палатанын Түрк парламенти менен иштей турган кыргыз тобунун башчысы, депутат Тажиниса Абдрасулова алып барды. Пикир алышууда Түрк делегациясынын өкүлдөрү Кыргызстандын латын арибине өтүшүнө кызыкдар экендигин билдиришти.
Делегациянын курамында Кыргызстандын аймагындагы түрк окуу жайларын каржылап, жардам көрсөткөн Түркиянын билим берүү тармагынын өкүлдөрү, шаар башчылары жана ишкерлери бар. Алар өлкөнүн кыргыз-түрк жогорку жана орто окуу жайларын бүтүрүүчүлөрүнүн аземине катышканы келишкен.

XS
SM
MD
LG