Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

КАМАККА АЛУУ УКУГУН СОТТОРГО БЕРҮҮГӨ КИМ КАРШЫ, КИМ МАКУЛ?


4-июнда өткөн соттордун кеңешмесинде камакка алууга уруксат берүүнү прокуратурадан сот органдарына өткөрүп берүү демилгеси кайрадан көтөрүлдү. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов бул маселе бышып жетилди деген оюн ачыкка чыгарды. Бирок ички иштер министрлиги тарабынан ага каршы пикирлер айтылууда.

Камакка алууга санкция берүүнү сот органдарына ыйгаруу демилгеси 2002-жылы Конституциялык кеңешмеде көтөрүлгөн. Кеңешменин катышуучулары бул маселе боюнча бир пикирге келишкен. Бирок эксперттик топтун ишинин жыйынтыгында ал жобо Конституциянын жаңы редакциясына кирбей калган.

Мына эми бир жылдан кийин бул маселе кайрадан көтөрүлдү. Президент Аскар Акаев 4-июнда болгон соттордун кеңешмесинде ага кайрылуунун бир себеби катары Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарууну атады. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов болсо бул маселе бышып жетилгенин белгилеп, камакка алуу укугун сотторго берүү адам укуктарынын жакшы сакталышына өбөлгө болот деген оюн билдирген.
Бирок ички иштер министрлигинде бул демилгеге карата каршы пикирлер айтылууда. Дегинкиси эле, бул идеяга Конституциялык кеңешме учурунда өлкөнүн прокуратура органдары да караманча-каршы чыгышкан.

Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын башчысы Макен Турдугулов камакка алуу укугун сотторго берүү министрликтин ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн экенин билдирди:

- Бул эми бизге тоскоолдук кылат. Соттор ишемби, жекшемби күндөрү иштебейт. Ошол күндөрү кылмыш жасалса сотторду каяктан табабыз? Андан сырткары адвокатты таап, прокуратура менен кошо сотко алып барышыбыз керек. Бул биздин ишке абдан эле зыян болот.

Бирок Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы Серикул Косаков камакка алуу укугун сотторго берүү учурдун талабы экенин айтып, прокуратура менен ички иштер министрлигинин каршылыгын алардын өз кызыкчылыгын коргоо аракети деп баалады:

- Бул жерде ички иштер министрлиги менен прокуратуранын өздөрүнүн кызыкчылыгы бар. Себеби алардын сотто негиздеме берип, камакка алууга себеп боло турган далилдерди келтириши керек. Булар болсо мурунку ишине көнүп калышкан.

Ушундай эле пикирин билдирген Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров ишемби, жекшемби күндөрү соттор эле эмес, прокуратура кызматы да иштебесин белгилеп, ал эми «сот кайсы бир шектүү адамды камоого санкция бергенден кийин, анын андан кийин да камалышына кызыкдар болуп калат» деген жүйөөлөргө карата мындай оюн каршы койду:

- Сотто санкция берилээрде эки тарап тең катышат. Алардын жүйөөлөрүн угуп, изилдегенден кийин санкция бериш-бербеш керектиги боюнча сот чечим кабыл алат. Сотто ушул гана маселе каралып, шектүү адамдын күнөөлүү-күнөөлүү эместиги каралбайт .

Анын айтымында, мындай жобону тезирээк киргизүү абактардагы уруп-согуулардын азайышына алып келет.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов президент тарабынан көтөрүлгөн демилгеге карата мындай пикирин билдирди:

- Биз бир жагынан бул демилгенин кайрадан көтөрүлүп жатканына сүйүнүп жатабыз. Бирок нааразы болгон жагыбыз да бар. Анткени 2003-жылы референдумга чейин, Конституциялык кеңешмеде камакка алуу укугун сотторго берүүнү көп айтканбыз. Эмне үчүн бир жыл мурун биздин сунушту кабыл албай коюшуп, эми аны көтөрүп жатышат. Ушул жагынан нааразы болуп атабыз.

Кандай болгон күндө да бул норманы киргизүү боюнча талаш-тартыштар эми күчөөрү айкын болууда. Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын башчысы Макен Турдугулов айткандай, министрлик бул маселенин тескери жактары боюнча өзүнүн негиздемесин даярдап чыгып, жетекчи органдарга тапшырат. Ал эми граждандык коомдун өкүлдөрү болсо мындай норманы колдоп чыгууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG