Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

КОШМО ШТАТТАРЫНДА "КАЗАКГЕЙТ" ИШИ СОТТО КАРАЛУУДА


Сапар Орозбаков, Прага 1990-жылдары Казакстандын жогорку даражалуу чиновниктеринин кеңешчиси болуп иштеген америкалык ишкер Жеймс Гиффен АКШнын федералдык соту тарабынан коррупцияга каршы мыйзамды бузду деп айыпталып жатат. 3-июнда Нью-Йоркто бул “Казакгейт” деген ат менен белгилүү Жеймс Гиффендин ишин караган сот процессинин алдындагы териштирүүсү болду.

Коомчулукка“Казакгейт” деген ат менен белгүлүү бул кылмыш ишинин ачылганына көп болуп калды. 1990-жылдары Казакстандын жогорку даражалуу жетекчилеринин кеңешчиси болуп иштеген америкалык ишкер Жеймс Гиффен АКШнын компанияларынын Казакстандын мунай кендерин концессияга алуу тууралуу казак өкмөтү менен сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылып, президент Назарбаевдин, анын үй-бүлөсүнүн жана мурдагы премьер-министр Нурлан Балгимбаевдин Швейцариядагы банк эсептерине баш аягы 78 млн. доллар которгон деп айыпталып жатат.

Жеймс Гиффендин адвокаттары алгач “Казакстанда болгон окуяны АКШ сотторунун кароого акысы жок” деп, сотту токтотуу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан болчу. Алар бул иш Американын тышкы саясатына доо келтириши мүмкүн экендигин да айтышкан.

Вашингтондогу Экономикалык жана саясий изилдөөлөр институтунун директору Ринат Ахметшиндин айтымында, буга чейин Казакстандын өкмөтү да казак-америка мамилесине зыян келтирет деп, бул иштин жабылышын талап кылып келген:

- Казак өкмөтү сотту болтурбай коюуга көп аракет кылды. Казак өкмөтүнүн жактоочулары иштин эл аралык мааниси чоң экендигин айтып, сотту токтотуу тууралуу өтүнүчү менен Американын юстиция министрлигине кайрылышкан. Алар бул тууралуу комитетке да кайрылышкан. Бирок андан эч кандай натыйжа чыккан жок. Анткени Ак үйгө же Сенатка бул ишти токтотуу-токтотпоо тууралуу укук берилген эмес.

Адвокаттар “Гиффендин 1995-1999–жылдардагы казак чиновниктеринин Швейцариядагы банктардагы эсебине акча которуусу Казак өкмөтүнүн эрки боюнча жасалган иш, аны Гиффен аткарбай коё албайт болчу” деп да айтышты. Прокурор муну да четке какты. Ал Жеймс Гиффен акча которууну өкмөттүн кеңешчиси катары эмес, Казакстандын президентинин, анын үй-бүлөсүнүн жана мунай тармагын жетектеген Нурлан Балгимбаевдин жеке тапшыруусу боюнча аткарды деп эсептейт.

Кийин адвокаттар “Гиффен Казакстанда америкалык коопсуздук органдарынын тыңчысы болгон, ал жерде АКШ өкмөтүнүн тапшырмасы менен жүргөн" дегенге өтүшкөн. Бирок прокурор Чарлз Бот Гиффендин АКШнын агенти болуп иштегенине күмөнү бар экендигин, ал андай кызмат кылган күндө да, ага мыйзамсыз Швейцарияга акча которууга эч ким укук бербегендигин белгилейт:

- Гиффендин Борбордук чалгындоо башкармалыгынын агенти болгон-болбогонун эч ким билбейт. Мүмкүн ал АКШны маалымат менен камсыз кылып турган. Мен анын агент болгон-болбогонун билбейм. Бирок мен анын бул ишинин Казак өкмөтүндөгү чиновниктерди сатып алып, казак элинин акчасын уурдоо менен кандай байланышы бар экендигин түшүнө албай жатам, –деди Чарльз Бот

АКШнын коррупцияга каршы мыйзамы америкалык компаниялардын жана адамдардын чет өлкөлүк чиовниктерге пара жана белек берүүсүнө тыюу салат. АКШнын Федералдык сотунда ачылган бул иште америкалык компаниялар Казакстандын мунай кендеринин акцияларын сатып алуу учурунда кимге канча акча которушкандыктары тууралуу баардык маалыматтар бар. Эгерде сот Гиффенди күнөөлүү деп тапса 63 жаштагы бул ишкер түрмөгө 88 жылга кесилет.

Сот Поули иштин татаал болуп, ал америка-казак мамилелерине таасир бериши мүмкүн экендигин мойнуна алды. Ал бир нече жумадан кийин айрым чечимдерин жарыя кылаарын билдирди. Соттун курамы сентябрда аныкталып, соттун өзү 4-октябрда болоору белгиленип жатат.

Сүрөттө: Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

XS
SM
MD
LG