Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

РОНАЛЬД РЕЙГАН 93 ЖАШЫНДА КАЗА БОЛДУ


Чолпон Орозобекова, Прага Кечээ - 5-июнда 93 жаштагы Рональд Рейган каза тапты. Америка Кошмо Штаттарынын 40-президенти бир нече жылдан бери оор дарт менен алпурушуп, Калифорниядагы үйүнөн чыга элек болчу. Аза күтүү белгиси катары АКШнын бардык жерлеринде желектер түшүрүлдү.

Рональд Рейган Кошмо Штаттарын сегиз жыл башкарган. Президент катары Америкада социалдык реформаларды турмушка ашырып, байлар менен жакырларды теңеген. Бирок ал дүйнө элинин эсинде элден мурда коммунизмге каршы жең түрүнө күрөшкөнү менен калды.

Чыгыш Европа мамлекеттеринде коммунизмдин жок болушун Рональд Рейгандын эмгеги катары баалап таазим кылып жүрүшсө, кай бирлер СССРдин ыдырашындагы анын чоң салымын баса белгилешет. Кай бир тарыхчылар СССРдин кулашынын башкы күнөөкөрү катары айыпташса, айрымдар анын ыдырашын тездеткени үчүн ыраазы.

Байкоочулардын айтымында, Рональд Рейган 1981- жылы бийликке келээри менен дал ушул адам коммунизмди алып түшөөрү түшүнүктүү болгон. 1982- жылы Британиянын парламентинде сүйлөгөн сөзүндө коммунизмге каршы казаттын башталганын жарыя кылып, Советтер союзун дүйнөлүк тарыхый агымга каршы бараткан өлкө катары сүрөттөгөн:

- Мен эми узак мөөнөттөгү иш чараларды жана үмүттөрдү көздөп турам. Бул деген демократия менен эркиндиктин кадамдары болмокчу. Марксизм менен ленинизм тарыхтын күлүнө айланып калышы керек. Бул деген залимдиктин бир түрү, эркиндикти муунтуп, өз пикирин айттырбай, элдин оозун жаап атат, - деген болчу Рональд Рейган Британ парламентинде.

Ошол замат АКШнын тарыхында болуп көрбөгөндөй куралдуу күчтөрдү бекемдеп, бир жактан НАТОго дем берип, экинчи тараптан Москва менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган.

Рональд Рейган 69 жашында тактыга отурган. Америка тарыхындагы эң улгайган мамлекеттик жетекчи болду. Ага карбастан Советтер союзунун төрт башчысы менен кызматташканга үлгүрдү. Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Константин Черненко жана Михаил Горбачев. Байкоочулар Рейган советтик державанын соңку башкаруучусу менен мыкты тил табыша билген дешет.

1985-жылдан 1987-жылга дейре Горбачев менен Рейган төрт жолу жолугушкан. 1987-жылы бул жолугушуулар өз мүдөөсүнө жетип, СССР менен АКШнын ортосунда НАТОнун ядролук куралдуу күчтөрүн Европадан чыгарып кетүү жөнүндө келишимге кол коюлган.

Рейган менен Горбачевдун тушунда бул эки державанын мамилелери барган сайын ысык боло баштаганы менен, АКШнын жетекчиси СССРге карата кырс сөздөрдү айтып, басым жасаганын токтоткон эмес.

1987-жылы июнь айында Германиядагы Берлин дубалынын жанында туруп, Рейган Горбачевдон бул дубалды жоготууну талап кылган:

- Бейпилдик жана эркиндик орнотуунун бирден бир айныгыс кадамы бар. Башкы катчы Горбачев, эгер сиз бейпилдикти кааласаңыз, Советтер союзу менен Чыгыш Европа гүлдөсүн десеңиз, либералдуу бийликке умтулсаңыз, анда сиз мына бул жолго түшүңүз. Горбачев мырза, мына бул жолду ачыңыз! Горбачев мырза, мына бул дубалды уратыңыз!

Андан эки жыл өткөндөн кийин Берлин дубалы чындап эле кулады.

Рональд Рейган саясатка аралашаардан мурун Америкада киноактер катары таанымал болчу. Ал Голливуд жылдыздары Кларк Гейбл, Кэри Гранттыкындай атак-даңкка жете албаса да өз күйөрмандары көп болгон. 1937-64-жылдары ал баш- аягы 53 киного тартылган.

Америкалык белгилүү киноактер катары 1964-жылы президентикке ат салышып аткан Барри Голдватерди жактап сүйлөй коём деп саясий чөйрөнүн көзүнө илинип калат. Голдватер шайлоодо жеңилгени менен теледен аны жактап сүйлөгөн Рональд Рейган миллиондогон америкалыктардын эсинде калат.

1969-жылы Калифорниянын губернаторлугуна ат салышып көрүүнү ойлойт. Өзүн гана эмес, көпчүлүк саясатчыларды да таңгалдырып, атаандаштарын оңой эле жеңип коёт. Губернаторлукта эки мөөнөт отурган.

1974-жылдан баштап бүтүндөй Американы кыдырган Рональд Рейган эл менен пикир алышып, президенттик тактыга даярдана баштаган. Республикалык партиядан чыгып, шайлоодогу башкы атаандашы Жимми Картерди жеңген.

1989-жылы Рональд Рейган тактыдан кеткенден кийин көпчүлүк убактысын Калифорниядагы үйүндө жатып алып мемурларды жазуу менен өткөрдү. Ал өзүнүн президенттик жылдарын өз өмүрүндөгү “Жарык шаарча куруу” жылдары катары сүрөттөйт.

Анын өмүрүнө кол салуу болгон 1981-жылдан кийин ал коркунучтуу дарттар менен алпурушуп, алардын азабын көп тартты. Кол салуу болгондо аны кудай чоң сактаган, ок башынан кыйгап өткөн. 1985-жылы түз ичегисинен шишикти алдырган. 1987-жылы тери рагына кабылып, оор операция жасаткан.

1994-жылдан бери ал Альцгеймер аттуу илдет менен алпурушкан. Бул дарт мээ клеткаларын бузуп, эс тутумду солгундатат дешет медиктер. Байкоочулардын баамында Рональд Рейган соңку кезде киши тааныбай, төшөктө жатып калган.

6-июнда дүйнөлүк коомчулук 40-президентинин көз жумганына байланыштуу АКШга көңүл айта баштады. Британ бийлиги аны “биздин элдин кеңпейил досу” деп атады. Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Маргарет Тэтчер Рейганга дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга эркиндик тартуулаганы үчүн миңмертебе ыраазы экенин белгилеп, аны "Америка баатыр" деп атады.

Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш болсо Рейган каза тапкан күндү “Америкадагы эң кайгылуу күн” деп сүрөттөдү. Жорж Буш Рейгандын жесири Нэнсиге жана балдарына көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Ал эми Нэнси Рейган “соңку мүнөттөргө чейин Рональддын саламаттыгы үчүн кудайга жалынып тургандарга терең ыраазымын” деди.

XS
SM
MD
LG