Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Косоволук сербдер демонстрацияга чыгышты


Косово провинциясынын Грачаниса чөлкөмүндө кечээ күнү серб уландын атып өлтүрүлгөнүнө байланыштуу нааразылык демонстрациясы өттү.

Грачаница - провинциянын административдик борбору Приштинадан 15 чакырым түштүктөгү чоң аймак.
Серб уландын өлүмүнө байланыштуу кечээ күнү Косовонун полициясы жергиликтүү эки албанды камакка алган.

Үч ай мурда косоволук албандар менен сербдер ортосунда болгон мушташтан улам ырбаган чатакта 19 адам өлүп, 900дөн ашуун адам жабыр тарткан. Жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калышкан.

XS
SM
MD
LG