Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Францияда союздук аскерлердин Нормандияга кирүүсүнүн 60 жылдыгы белгиленди


Салтанаттын негизги бөлүгү замбиректен 21 жолу куру дүрмөт атуу менен башталды. Президент Жак Ширак Францияны бошотууга салым кошкон өлкөлөргө, өзгөчө Кошмо Штаттарга алкыш айтты.

Нормандияда өткөн эскерүү каадасына 20дан көп өлкөлөрдүн лидерлери, алардын арасында АКШ президенти Жорж Буш, Россиянын президенти Владимир Путин, Германиянын канцлери Герхард Шрөдер, Британиянын канышасы Елизавета, 14 өлкөдөн келген согуштун ардагерлери жана башка көптөгөн адамдар катышты.

1944-жылдын 6-июнунда АКШ, Британия жана Канаданын кеме менен келген 135 миңдей аскерлери Нормандиянын жээгине Европаны нацисттик Германиядан бошотуу максатында түшүрүлгөн.
Союздук күчтөрдүн Нормандияга киргизилиши советтик аскерлердин алга жылуусун ылдамдатып, 11 айдан кийин нацисттик Германия багынып берген.

XS
SM
MD
LG