Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

ЖЕР ШАРЫН КАНТИП САКТАП КАЛСА БОЛОТ?


Чолпон Орозобекова, Прага Голливудда тартылган “Бүрсүгүнү” аттуу кинотасмада климаттын кескин өзгөрүшү ааламды кандай кыйраканга салаары сүрөттөлгөн. Анда адам баласы Жердеги аба ырайынын ысышын таптакыр токтото албаса да, аны кантип жайлатса болоору тууралуу сөз козголгон.

Бул тасма климаттын өзгөрүшүнөн улам болчу жер үстүндөгү кыйраканды көрсөткөн. Күн аптабынан Арктикадагы мөңгүлөр ээрип отуруп жер жүзүн суу каптап кирет. Американын “Эркиндик” статуясы колтугуна чейин келген сууда тоңот.

Сценарийин Ролланд Эммерик жазган бул фильм климаттын өзгөрүшү кандай коркунучтуу күнгө алып келээрин бүт дүйнөгө эскертип койду дешет байкоочулар.

Дүйнөлүк жандуу жаратылыш корунун Арктика боюнча программасынын жетекчиси Саманта Смит глобалдуу жылуулук процесси бир гана Арктикага эмес, бүт дүйнөгө таасир этээрин айтат:

- Климаттын өзгөрүшү менен биз өтө татаал жана оор жагдайга тушугабыз. Бул деген дүйнө эли олуттуу проблемаларга кептелди дегендик. Биз эмитен эле айрым кесепеттерин көрө баштабадыкпы. Мисалы, сел жүрүп, суу ташкындары болуп, деңиз суулары өз деңгээлинен ашып-ташууда. Коркунучтуу ооруларды жугузган курт- кумурскалар пайда болууда. Климат дагы жылый берсе катастрофалар мындан да күчөйт. Алардын айрымдарын жакынкы жылдары эле көрө башташыбыз ыктымал.

Арктикадагы климаттын таасирин баалай турган комиссиянын жетекчиси, окумуштуу Роберт Кореллдин 1800 барактан турган изилдөөсү жакын арада мамлекеттик чиновниктердин талкуусуна коюлмакчы. Окумуштуунун айтымында, кай бир адамдар бул заманга тийешеси жок тээ алыстагы көйгөйлөр деп ойлошкону менен Арктикада бул бүлгүндүн чекеси эбак эле көрүнүп калган:

- Соңку 30 жыл ичинде Арктикада климат өзгөрдү. Ошого жараша, мисалы, Аляска менен Орусиянын түштүк тарабында климат башка аймактарга караганда 10 эсе бат өзгөрүүдө. Арктикада абал чынында өтө оор. Келечекте болсо бара-бара мындан да оорлошкону калды көрүнөт.

Роберт Кореллдин иликтөөлөрү боюнча Аляскадагы жолдор бир жылдын 200 күнүндө тоңуп жатчу. Эми болсо ал жолдордо 100 күн гана муз жатчу болду. Мындай ээрүү Аляскада музга сүңгүп турганга ылайыкталган курулуштарга жана мунайзат түтүкчөлөрүнө коркунуч туудурмакчы. Арктиканы изилдеген окумуштуунун пикиринде, дүйнө жүзүндө 30 жылдан кийин эмне болоорун билгиси келгендер Арктикага байкоо салгандары оң. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен улам болчу бүлгүн Арктикада 10 жылдан кийин башталарын эскертет Роберт Корелл.

Мындай бүлгүндү алдын алуу максатында 1997-жылы БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциясына ылайык Киото протоколу кабыл алынган болчу. Ал 55 мамлекет ратификациялагандан кийин гана күчүнө кирет. Америка Кошмо Штаттары бул протоколду четке какса, Орусиянын президенти жакында гана кол койду. Орусиянын саясий жана илимий чөйрөсүндө бул документке кескин сындар айтылып аткандан кийин Мамдума аны ратификациялайбы же жокпу - айтыш кыйын.

Даниядагы Экологиялык борбордун жетекчиси, “Айлана- чөйрөнүн скептик коргоочусу” деген талаш-тартыштуу китеби менен таанымал Бжорн Ломборг Киото протоколуна ишенимсиз карайт. Окумуштуу бул документ табияттагы ири өзгөрүүлөрдү токтото албайт деген ишенимде.

Киото протоколуна кирген ар бир мамлекет жылыга айлана-чөйрөнү коргоо боюнча анын шарттарын аткарууга 150 миллиард доллар коротушу керек. Даниялык окумуштуу Ломборг болсо бул акчаны андан көрө мамлекеттик бийлик өз окумуштууларынын экологиялык иликтөөлөрүнө салганы оң деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG