Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

АЛМОНЧОКТОЙ КЫЗДАР АДАМ САТУУНУН КУРМАНДЫГЫ БОЛУП ЖАТЫШАТ


Адамдарды алдап өлкөдөн чыгарып кетип, сатуу менен күрөшүүгө арналган "тегерек үстөл" өттү. Анда Казакстанда кул кейпин кийип иштеп, кийин качып келген кыздар армандарын айтышты.

Бул проблема тууралуу премьер-министрдин аппаратынын адамдарды жашыруун алып чыгып кетүү жана сатуу менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн сектор башчысы Алтынай Сулайманова мындай деди:

- Адамдарды жашыруун чыгарып кетүүгө жана сатууга каршы көрүлүп жаткан чараларга карабастан, мындай кылмыш азайбай жатат. Адамдарды жашыруун алып чыгып кетүү жана сатуу менен күрөшүү боюнча президенттин алдындагы улуттук кеңеш эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен бирге мындай кылмышка каршы иш-чараларды активдештирүүнү көздөйт.

Нарындан Бишкекке келип, машинелерге май куюучу жайда иштеп жаткан эки кызды бирөөлөр азгырып, Казакстанга сатып жиберишкен. Акыры эптеп Бишкекке качып келген кыздардын бири көз жашылдантып мындай деди:

- Мен Нарын облусунан болом. Бизди алдап, Алматыга сатып жиберди, кулдукка. Кечээ күнү ооруканага барып келатсак, бизди сатып жиберген байке бирөөлөрдү жалдап, бизди сабап кетишти. "Арызыңарды алгыла!" дейт.

Жаштар азыр жумуш издеп, шаарга агылууда. Куулук-шумдуктардан кабарсыз жаштар «мыкты жумуш, көп акча» убада кылган шумпайларга алданып калышууда. «Сезим» кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова мындай пикирин айтты:

- Бул кыздар Нарындан келишкен экен. Туруктуу жумушары жок. Азгырык сөзгө алданышкан. Адам саткандар жөнүндө гезит-журналдарга жазылып жатса мындайлар тууралу кабарсыз болушкан. Мындай коркунучтуу абалда болобуз деп ойлошкон эмес албетте. Алар "биз силерди сатып алганбыз, кетериңер да биздин эркибизде, мен силер үчүн 400 теңге төлөгөм, силерди кандай кылсам өзүм билем" дептир.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун «Адам сатууга бөгөт коюу» долбоорунун адиси Кудрат Каримов губернаторлордун областагы адамдардын мындай абалга кириптер болгонуна эч кандай мамилеси жоктугун, бул багытта мектептерде Билим берүү министрлиги тарабынан окутуу иштери начардыгын белгиледи:

- Ар бир губернатор, ар бир шаардын мэри өзүнүн областында, ээлигинде адамга зомбулук көрсөтүүгө жана адамды сатууга каршы кандай күрөш жүрүп жаткандыгы тууралу отчет берип турууга тийиш. Мына Ош облусунан агылган эмгек мигранттарынын канчасы Казакстанда, Араб Эмираттарында, Түркияда кара жумушта жана сексуалдык кулчулукта жүрүшөт. Албетте, булар тууралу айтып жатышкандар – бейөкмөт жана эл аралык уюмдар, басма сөз. Эмне үчүн салык төлөгөндөрдөн айлык алып жашап жаткан чиновниктер мамлекеттик буйруктарды аткарышпайт? Андай болсо бул буйруктар кимдер үчүн жазылып жатат? Адамды сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын программа иштелип чыккан. Программада адам сатууга каршы күрөшүүдө бүт ведомстволор, министрликтер иштесин деп жазылган, – деди Кудрат Каримов.
XS
SM
MD
LG