Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

Палестин согушкерлери Израилден өч алынаарын эскертүүдө


Алар бул ирээт Палестин лидери Ясир Арафаттын "Фатх" кыймылынын Иордандын Батыш жээгиндеги бөлүмүнүн башчысы, Палестин парламентинин депутаты Марван Баргути өмүр бою түрмөгө кесилгени үчүн өч алынаарын эскертип жатышат. "Ал-Акса бригадасынын шейиттери" деген уюм, маселен, өз билдирүүсүндө бул үчүн Израилдин аскерлери менен жарандары уурдалып, жок кылынарын эскертти. Израилдин соту Марван Баргутиге карата өкүмүн кечээ жарыялаган. Ал израилдик беш тургундун өлтүрүлүшүнө катышы бар деп табылды. Баргути коюлган айыптарды моюнуна алган жок. Палестин премьери Ахмед Корейи Израилдин Баргутини соттоого укугу жок экенин, алар бул чечимди тааныбасын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG