Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Экинчи фронттун ачылышынын 60 жылдыгы белгиленди


1944-жылдын 6-июнунда Нормандиянын жээктеринде союздаштардын аскерлеринин түшүрүлүшү же Экинчи фронттун ачылышы Батыш Европаны фашизмден бошотуунун башталышы катары эсептелет.
Францияда өткөн салтанатка 20дан ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, анын ичинде АКШнын президенти Жорж Буш, Орусиянын президенти Владимир Путин да катышты. Экинчи фронттун ачылышын эскерүү каадасына тарыхта биринчи жолу Германиянын канцлери да келди.

Француз президенти Жак Ширак салтанатка келген согуш ардагерлерине кайрылып мындай деди:

- Франция калкынын, бул жерде чогулган мамлекет жана өкмөт башчылардын, эркиндиктин идеалын бийик туткандардын атынан, ардагерлер, сиздерге биздин ыраазычылыгыбызды жана суктануубузду билдирем.

XS
SM
MD
LG