Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Коопсуздук Кеңешине Ирак боюнча резолюциянын жаңыланган долбоору берилээри күтүлүүдө


Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө Ирак боюнча жаңы резолюциянын алымча-кошумчалар киргизилген долбоорун АКШ менен Британия тапшырмакчы. Кечээ Коопсуздук Кеңеши АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Ирактын өкмөт башчысы Ияд Аллави алмашкан каттарды карады. Өз катында Аллави Ирактын өкмөтү өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө көзөмөлдүк кылаарын, АКШ баштаган көп улуттуу күчтөр менен өнөктөш ирээтинде кызматташаарын билдирген. Ал эми Колин Пауэлл көп улуттуу күчтөрдүн америкалык командачысы да Ирактын өкмөтү менен өнөктөш катары иштешип, коопсуздукту камсыз кылууда жардам берээрин белгилеген. Аналитиктер бул каттарды Иракта бийлик 30-июнда жергиликтүү өкмөткө берилгенден кийин да калуучу көп улуттуу күчтөрдүн статусун тактоо аракети катары баалашууда. АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонте резолюция эртең добушка салынаарына ишеним билдирди.

XS
SM
MD
LG