Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

СОТ МИСИР АШЫРКУЛОВГО КОЛ САЛУУ БОЮНЧА ИШТИ КАРООДО


7-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу боюнча кылмыш иши каралды. Айыпталып жаткан Таалай Момуновдун саламаттыгы буга чейин өлкөдөгү соттук-медициналык эксперттер тарабынан 3 жолу текшерилген болчу. Бирок Мисир Ашыркуловдун адвокаттары чет мамлекеттен көзкарандысыз эксперттерди чакырууну суранган эле. Мындай өтүнүч 7-июнда сот тарабынан кабыл алынды. Эми айыпталуучунун психикалык саламаттыгы дагы бир жолу текшерүүдөн өткөрүлмөкчү.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысына 2002-жылдын 6-сентябрында кол салуу болгон эле. Мисир Ашыркулов андан катуу жаракат алган.

«МСН» гезитине жакында берген интервьюсунда экс-катчы анын өмүрүнө кол салууну ким уюштурганын айтпаса да, ага кол салган адамды так билээрин билдирген. Бирок айыпталып жаткан тараптын өкүлдөрү, так айтканда, адвокаттары, бир туугандары «Таалай Момуновдун эч кандай күнөөсү жок, андан көрсөтмөнү кыйноо жолу менен алышкан» дешет. Бул тууралуу Таалайдын атын ачык айтууну каалабаган бир тууган агасы «Азаттыкка» берген интервьюсунда мындай деп билдирди:

- Мен Таалайдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот далилдеш керек деп ойлойм. Биз соттун акыйкаттыгына ишенебиз. Бир тууганы катары айтаарым – анын күнөөсү жок. Анткени, анын мүнөзүн билем. Үйдө бир туугандардын эң кичүүсү. Ак көңүл. Ал мындай кылмышка барууга жөндөмсүз.

Таалай Момуновдун бир тууган агасынын пикиринде, тергөөчүлөр Таалайды кыйнап, ага маңзаттарды сайып туруп, «Мисир Ашыркуловго кол салдым» деген көрсөтмөнү алышкан. «Милициянын жетекчилиги чоң кылмыштын бетин ачтык деп жогору жакка рапорт бериш үчүн Таалайдын мойнуна ал кылбаган кылмышты илишти» дейт айыпталуучунун бир тууганы:

- Бизде Таалайга карата кыйноолор колдонулуп, маңзаттар пайдаланылганы тууралуу далилдер бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана кызматкерлери биз менен сүйлөшкөндө айтып беришти.

Маектешибиз ошол эле убакта, «тилекке каршы, мен айтышым керек – Таалай камакка алынганга чейин эле маңзаттарды колдонуп келген. Биз аны дарылаганбыз. Бирок түрмөгө камашкандан кийин маңзаттардын дозасын 2 граммга чейин көбөйтүп, ошол жол менен андан көрсөтмө алышкан. Муну шаардык милициянын чоң чиновниктери мага айтып беришти» деди.

Таалайдын бир тууганы Ашыркуловго кол салуунун уюштуруучусу Ош облусунун губернатору Накен Касиев деген кептерди да четте какты:

- Накен Касиевичти мен ал саламаттык сактоо министри катары өзүнүн атын кандай таза алып жүргөнүн жакшы биллем. Накен Касиевичти күнөөлөмөк тургай, андан шектенүү – күлкү келтире турган иш. Анын үстүнө ал – дарыгер.

Биз Мисир Ашыркуловдун эки адвокатынын бири – Мукар Чолпонбаев менен да сүйлөштүк. Ал «Коопсуздук кеңешинин катчысына Таалай Момунов эле кол салган жана аны Мисир Ашыркулов менен көзмө-көз жолукканда өзү да мойнуна алган» деген маалыматын берди:

- Экөө көздөшкөндө Мисир Ашыркуловичтен Момуновдун кечирим сураганы чындык. Кечирим сураган: «мен ушундай болуп калдым, жаңылыштык кетирип койдум, кечирип коюңуз, байке» дегени чындык.

Бирок Таалай Момуновдун адвокаты Валерий Паклин көрсөтмөнүн көбү кыйноонун, маңзаттардын күчү менен, тергөө мыйзамдарын бузуп алынган дейт:

- Мен адвокат катары анын бир да кылмыш жасабаганына толук ишенем. Тергөөдө өтө көп кемчиликтер кеткен. Көрсөтмөлөр да мыйзамдарды бузуу жолу менен алынган.

Валерий Паклиндин мындай пикирине Ашыркуловдун адвокаты макул эмес. Мукар Чолпонбаев Т.Момуновдун кылмышка барганында шек жок, кеп – ал кол салууну кандай абалда туруп ишке ашырганын аныктоодо турат дейт:

- Анын жасаганына менин эч кандай шегим жок. Жасаган! А бирок аны кандай абалда аткарды – кеп ошондо болуп жатат. Ошол өзүнүн ишине отчёт бергенби, жокпу, азыркы, бүгүнкү жасап жаткан ишине отчёт береби, бербейби – маселе ушунда болуп турат да. Муну текшермейинче сот процессин жүргүзүүгө болбойт. Ошондуктан, биз өтүнгөнбүз – башка мамлекеттерден психиатр-эксперттерди чакыралы деп. А негизи, биринчи эле экспертизанын жыйынтыгында кылмыш кылган учурда акыл-эсинде болгон деп жыйынтык чыгарылган.

Буга чейин Таалай үч ирет соттук-медициналык экспертизадан өткөн. Маселе – ал өз ишин билип жасайбы же жокпу – ошону аныктоо керек болуп турат. 7-июнда Биринчи май райондук соту чет мамлекеттен көзкарандысыз соттук-медициналык эксперттерди чакырып, айыпталуучуну дагы бир ирет текшерүүдөн өткөрүү керек деген жыйынтыкка келди. Андыктан сот белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды.

Сүрөттө: Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов.

XS
SM
MD
LG