Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

ПАРЛАМЕНТ СОТТОР БОЮНЧА ЭКИ МЫЙЗАМДЫ КАБЫЛ АЛДЫ


7-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары отурумга кайра чогулуп, сот органдарынын ишине байланыштуу эки мыйзам кабыл алышты. Бирок иштин башы деп депутаттар өз округдарында болгон учурда байкаган бир катар маселелерин оротого салышты.

Депутаттар көтөргөн көйгөй маселелердин ичинде Ички иштер министрлигинин полковниги Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү, катардагы милиция кызматкерлерине айлык акы жана башка төлөмдөрдүн берилбей жатышы, Ысыккөл облусунда малдын шарп ылаңынын күчөшү болду. Милицияга байланыштуу маселени иликтөөнү төрага дароо эле парламенттин эки комитетине тапшырды.

Андан кийин депутаттарга президенттин иш башкармалыгынын төрагасынын орун басары Төлөбай Кеңешов келерки парламент 75 орундуу болгондуктан ошого жараша Мыйзам чыгаруу жыйынынын жыйындар залын кайра жасап чыгуу планы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, азыр фирмалар тандалып жатат. Жалпысынан бул ишке 12 миллион сомдон ашык каражат жумшалат. Курулуш иштери ушул жылдын сентябрь айында аяктамакчы.

Андан соң жайкы сессиянын акыркы айы - июнда Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 113 маселе карала турганын төрага Абдыганы Эркебаев маалымдап, ал маселелерди кароонун тартиби боюнча пикир алмашуу болду. Депутаттар Орозбек Дүйшеев жана Ишенбай Кадырбеков “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу маселени тезирээк кароону сунуштады. Ишенбай Кадырбеков ал боюнча мындай деди:

- Эгерде миллирдаган акчалар чет өлкөгө кетип калса, биз карай турган мыйзамдын пайдасы болбойт. Жогорку Кеңештин уруксатысыз “Кумтөр” реструктризацияланбасын деген токтом кабыл алынганына карабай, өлкөгө таандык акциянын үчтөн экиси сатылып атса, анын айынан алтыныбызды алдырып ийип атсак, муну көрүп туруп унчукпай калсак, анда бизди эл түшүнбөйт. Бул маселени алдыга жылдырып, эртерээк карашыбыз керек.

Бирок ал чакырыкка карабай депутаттар “Жогорку сот жана жергиликтүү соттор» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кароого киришти. Долбоор боюнча депутаттарга Жогорку cоттун төрагасы Курманбек Осмонов буларды маалымдады:

- Бул мыйзамдын ток этер жери, облустук соттордогу президиумду жоюп туруп, анын ордуна кассациялык жана апелляциялык инстанция киргизүү болуп жатат.

Осмоновдун айтымында, президиумду чогултуу көп убакта кыйынчылыкка учурап, граждандардын арыздарын кароо узакка созулуп кетет. Ал эми кассациялык инстанцияны киргизүү бул кемчиликти четтетет, деп белгиледи Жогорку соттун төрагасы.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов Жогорку сотко төмөнкү сот инстанциялары караган иштерди кайра жиберүү укугу берилгени туура эмес болуп калды, бул мурдагыдай бир иштин ары-бери түртмөлөнүп, көп убакта чейин каралбай жүрүшүнө алып келет деген пикирин билдирди.

Ага жооп катары Курманбек Осмонов "Жогорку сот төмөнкү инстанциялар колдонгон жазаны күчөтүүчү өкүм чыгарууга укуксуз, ошондуктан, кээде экинчи тараптын укугун коргоо максатында, Жогорку сотко ишти кайра кароого жиберүү укугун берүү туура болот" деген жүйөөнү келтирди. Депуттар ага макул болуп, мыйзамды көпчүлүк добуш менен кабыл алып беришти.

Андан кийин Жогорку соттун төрагасы депутаттардын кароосуна «Административдик соттор жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун кароону сунуштады. Курманбек Осмоновдун айтымында, административдик соттор азыркы райондор аралык соттордун базасында түзүлүп, ал административдик-укуктук маселелерди карайт. Маселен, бийлик органдарынын, салык, бажы кызматтарынын чечимдирин, буйруктарын жокко чыгарууда, экономикалык маселелерди кароодо жарандар административдик сотко кайрыла алышат. Депутаттар бул мыйзамды да көпчүлүк добуш менен биринчи окууда кабыл алышты.

К.Осмоновдун маалыматы боюнча, тармакты реформалоонун алкагында аскердик сот да өзгөрүүгө дуушар болот. Мурдагы гарнизондук беш соттун ордуна, Ош жана Бишкек шаарында экөө түзүлүп, алар аскердик ишке байланыштуу гана маселелерди карашат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG