Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

ТУТКУНДАРДЫ ИЗДӨӨ БОЮНЧА ЭЛАРАЛЫК УЮМ АЗЕРБАЙЖАНДЫ СЫНГА АЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Тоолуу Карабахтагы согуш учурунда дайынсыз жоголгондорду жана туткунга түшкөндөрдү издөө жумуштарын аркалап келаткан "Эларалык иш тобу" укук коргоо уюму Азербайжан бийлигин сынга алды. Уюм "Азербайжан бийлиги ишибизге түрдүү жолдор менен тоскоолдук кылып жатат" деп билдирди.

Азербайжан менен Армения ортосунда 1987-жылы башталган Тоолуу Карабах согушу боюнча тынчтык келишиминин кабыл алынганына толук 10 жыл болду. Анткен менен ортодогу салкын мамиледен арылуу үчүн көрүлгөн аракеттер өткөн мезгил аралыгында дээрлик эч кандай ийгиликтерди берген жок.

1994-жылдын 12-майында Бишкекте согушту токтотууга багытталган атайын келишимге кол коюлат. Арадан он жыл өткөндөн соң, үстүбүздөгү жылдын 12-майында Азербайжан президенти Илхам Алиев «Азербайжан Тоолуу Карабахты аскерий жол менен кайтарып алууга даяр» экендигин айтты.

Бул окуяны көптөгөн байкоочулар эларалык коомчулуктун Карабах проблемасы боюнча басаңдай түшкөн иши менен байланыштырды. Карабах чатагын чечүүдө өзүн жеңилип калган тарап деп эсептеген ырасмий Баку кайрадан бул суроонун көтөрүлүшүн каалап жатат деп түшүндүрүшкөн алар.

Тынчтык келишими кабыл алынгандан кийин эки тарапта тең колго түшүрүлгөн туткундарды жана дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча атайын эларалык уюм түзүлгөн. Анын курамында Орусиянын, Азербайжандын, Армениянын жана эларалык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын укук коргоочулары бар. Уюмдун өкүлү Паата Закареишвилинин айтымында, буга чейин Илхам Алиев жасаган билдирүүлөр эми чынында эле турмушка аша баштагандай:

- Азербайжанда дайынсыз жоголгондор боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия азыр өзүнүн жеке милдеттерин аткарбай калды. Азыр ал негизинен, Армения тараптан Азербайжан элине карата геноцид колдонулгандыгын гана далилдөө үчүн иштеп жаткандыгы байкалат. Ушундан улам бизге бул комиссия менен иштөө татаал болуп калды.

«Эларалык иш тобу» акыркы төрт жыл ичинде 30га жакын туткундарды жана дайынсыз жоголду делген төрт адамдын сөөгүн тапты. Өздөрүнүн ишинде жетишкен негизги ийгилиги катарында, анын жетекчиси Светлана Ганнушкина төмөнкүчө оюн билдирет:

- Адамдар аларды сатып ала тургандай буюм эмес. Ошондуктан туткундар менен алмашуу деген түшүнүк болбош керек. Негизи, ар бир согушта «алмашуу» толот, бирок аны «бошотуу» деп айтсак туура болмок. Бул, эң башкысы, маселеге болгон көз карашты өзгөртөт. Анткени «алмашуу» деген түшүнүк тараптарга бирдей талаптарды коёт жана эгерде Азербайжан 5 туткунду берсе, анда Армения да 5 туткун бериши керек дегенди билдирет. Эгерде Армениянын колунда 5 туткун болбосо, анда ал ошончо сандагы адамды «туткундук үчүн» табышы керек. Ушундан улам, атайылап туткундарды табуу иши бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат. Бул өзүчө кирешелүү бизнеске айланды. Биз бул түшүнүктөн арылууга жетиштик деп айта алам.

Ошол эле учурда, укук коргоочулар боштондукка чыгышкан туткундардын өз мекениндеги абалы андан да оор экендигин айтышат. Светлана Ганнушкинанын пикиринде, жакында эле Азербайжанда Армениядагы түрмөдөн бошонуп келген адамга каршы сот иши жүрүп, сот буга чейинки туткунду «мекенин сатканы үчүн» деп айыптап, 7 жылга кесип жиберген:

- Мына ушундай эле окуя Арменияда да болду. Мисалы, колго түшүрүлгөн 9 азербайжанды бийлик жарым жыл бою аскерий ооруканада кармап, тынымсыз текшерүүлөрдөн өткөрүшкөн.

Маалыматтарга караганда, ушул тапта эки тарапта тең тирүү калган туткундар өтө аз.

XS
SM
MD
LG