Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

8-июнга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 8-июнда Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЫСЫККӨЛ жана ЧҮЙ облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 градус жылуу.
ТАЛАС өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 градус.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29.
НАРЫН аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градустун айланасында.

Жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар топтоду.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Алина Кангелдиева даярдады.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG