Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Таласта шарп ылаңын эмдөө натыйжа бербей жатат


ТАЛАС. Өткөн жылдын ноябрь, декабрь айларында облус боюнча шарп ылаңынын эпидемиясына байланыштуу мал базарлар жабылып, 40 күнгө карантин жарыяланган. Эпидемиянын очогун басуу үчүн бодо мал кеминде үч ирет эмделиши керек болсо, иш жүзүндө берилген вакцина оңду-солду таратылып, облустагы 70 миңге жакын бодону бир жолу да толук эмдөөгө жеткен эмес. Бир айдан бери Талас районунда эмдөө иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, экинчи, үчүнчү ирет эмдөөгө дары жетишсиздигинен, базарларда соода-сатыктын токтобогондугунан, шарп кайрадан эле облуска жайылып жатат. Республикалык ветеринария департаментинин жакында өткөн кеңешинде Талас жана Манас райондорунун ветеринария кызматтарынын жетекчилери иштен алынган. Ал да абалдын оңолушуна жардам бериши күмөн болууда.

XS
SM
MD
LG