Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Көлмөлөргө көзөмөл күчөтүлөт


БИШКЕК. 12-июнда Бишкектеги “Комсомол”, “Пионер” жана “Жаштык” көлмөлөрүндө сууга түшүү сезону ачылат. Аталган көлмөлөрдө көзөмөлдөп-куткаруучу кызматтар керектүү шаймандар менен камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Куткаруу кызматы” маалымдагандай өткөн жылы жай айында чөгүп баракан жеринен 17 адам куткарылган. 18 адам чөгүп кеткен, өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү спирт ичимдигинин кесепетинен кырсыкка кабылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG