Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:02

СПИДге каршы күрөшүүгө каражат табылды


БИШКЕК. 1-июнга карата өлкө боюнча ВИЧ-инфекциясына кабылган 545 адам катталган. Алардын 468 Кыргызстандын атуулдары. 24 адам СПИД дартына чалдыккан. Буга чейин дарттан 32 адам каза болгон. БУУнун СПИД боюнча эксперттеринин баамында, өлкөдө 5 миңден ашуун адам ВИЧ-инфекциясына кабылган. Алардын көпчүлүгү абактагылар, сойкулар жана маңзаттарын колдонгондор. Бул тууралуу бүгүн Республикалык “СПИД” бирикмесинин директору Борис Шапиро маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, СПИД, кургак учукка каршы күрөшүү багытындагы долбоорго "Глобалдык фонд" 280 миңден ашуун доллар бөлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG