Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Каржы министрлигинин мааракеси өттү


БИШКЕК. Бүгүн финансы-экономика кызматкерлеринин кесиптик күнү жана каржы министрлигинин 80 жылдыгы белгиленди. Бишкектеги салтанаттуу жыйында реформаны жүргүзүүдөгү министрликтин орду, мамлекеттик социалдык-экономикалык программаны турмушка ашыруудагы иштери белгиленди. Премьер-министр Николай Танаев министрликтин 19 кызматкерине сыйлык тапшырды. Каржы министринин орун басары Мурат Исмаилов “Даңк” медалы менен сыйланды.

Учурда Каржы министрлигинин карамагында кирешелер боюнча комитет, баалуу металлдар башкармалыгы, мамлекеттик экономикалык өнүгүү фонду, финансы полициясы бар. Анда 5 миңден ашуун адам эмгектенет.

Алгачкы жолу Кыргызстанда 1924-жылы октябрь айында Ревкомдун токтому менен облустук финансы бөлүмү түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG