Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Эксперттер коррупцияга каршы күрөштүн абалын иликтешет


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев акыйкат башкаруу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык эксперттердин миссиясын кабыл алды. Тараптар демократиялык башкаруу боюнча улуттук кеңештин аткарып жаткан иштерин талкуулашты. Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын Бишкек кеңсесинен алынган маалыматка караганда, өкмөттүн сунушуна ылайык келишкен эксперттер ЮСАИДдин колдоосу астында иштешет. Аптанын этегине чейин алар эларалык уюмдардын, атуулдук коомдун, жергиликтүү талдоочулардын өкүлдөрү, журналисттер менен жолугушат.

Миссиянын курамында мамлекеттик башкаруу боюнча Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын кеңешчиси Бенжамин Ален, Македониядагы коррупцияны четтетүү боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Слагана Тасева жана Германиядан Трансперенси Интернешнл уюмунун өкүлү Стиан Кристенсен бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG