Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

АКШ Түштүк Кореядагы аскерлеринин санын кыскартат


Сеулдун расмий өкүлү Кошмо Штаттары эмки жылдын этегине чейин Түштүк Кореядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарып кетүүгө ниеттенип жатат деп билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин жогорку кызматкери Ким Суктун айтымында:

- АКШ бул жердеги өз аскерлеринин санын 2005-жылдын декабрына дейре 12 миң 500 кишиге кыскартууну пландап жатат.
Алардын арасында Иракка которула турган 3 миң 600 аскер же 2 кошуун бар
.

Эки тарап ортосунда мындан 50 жылдай илгери жетишилген аскерий пактка ылайык Түштүк Кореяга ушу тапта америкалык 37 миң жоокер жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG