Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Израил-палестин чатагы боюнча акыркы окуялар


Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом Тел-Авив менен Каир египеттик аскерлерге чегара аймагына жакыныраак жайгашууга уруксат берген келишимге жетишүү аракетин көрүп жатканын билдирди. Муну менен Газа тилкесине мыйзамсыз курал ташыгандардын жолуна бөгөт коюлмакчы. Мындай билдирүүнү Шалом Египет президентинин кеңешчиси Усама ал-Баз менен Каирде болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин жасады.

Буга чейин расмий Каир жөөт аскерлери Газа тилкесинен чегинип жаткан кезде жана андан кийин, ал жердеги мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышын камсыздоого катышуу ниетин билдирген эле.

Кечээ Израилдин премьер-министри Ариэль Шарондун кабинети Газа тилкеси менен Иордан дарыясынын батыш жээгинен чегинүү планынын негизги жоболорун жактырганы менен, жөөт аскерлери 2005-жылдын март айына чейин чыгарылып кетпейт, жөөт конуштары алынып салуунун алдында дагы бир жолу добуш берүү өткөрүлүүгө тийиш деген шарт койду.

Израилдин вице-премьери Эхуд Олмерт кабинеттин чечимин мындайча комментариялады:

- Бул Жакынкы Чыгыштын жана Израиль өкмөтүнүн тарыхындагы бурулуш окуя болуп калды. Тарыхта алгачкы жолу Израиль кабинети ушул өңдүү планды кабыл алды.

Палестиналык өкүл Саеб Эрекат болсо мындай маанилүү кадам бир тараптуу болбошу керек деген пикирин ортого салды:

- Шарон мырза өзү менен өзү сүйлөшүп, коалициясы, Ликуд партиясы менен акылдашты. Сөз биздин, палестинкалыктардын келечеги жөнүндө болуп жатат. Бирок Шарон бизди шерик катары кабыл албайт. Израилдиктер кайсы жерден чегинбесин, Газадан же Иордандын батыш жээгинен болобу, Палестин жетекчилиги өзүнүн милдетин аткарат.

XS
SM
MD
LG