Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:08

Ирак өкмөтүнүн алгачкы аракеттери


Ирактын өткөөл өкмөтү өлкөдөгү негизги согушкер фракцияларды куралсыздандыруу боюнча план жактырылганын билдирди. Премьер-министр Йад Аллавинин айтымында, согушкерлерге Ирактын коопсуздук күчтөрүнө кирүү же үйлөрүнө тарап кетүү сунуш этилет.

Бул макулдашуу тогуз саясий партия ортосунда жетишилди. Аллавинин болжолунда, азыр өлкөдө 100 миңге жакын куралчан согушкерлер бар:

- Алардын басымдуу көпчүлүгү аскерий эмес турмушка кайтышат же болбосо Ирактын куралдуу күчтөрү же полиция же күрт автономиясынын коопсуздук органдарынын катарына кошулат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG