Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоору сунушталат


Бүгүн АКШ жана Британия БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоорун сунуш этмекчи. Документ эртең добушка салынат деп күтүлүүдө. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотовдун ырастоосунда, жаңы резолюциясынын айрым пункттары такталууга тийиш.
Резолюциянын алдынкы долбоору боюнча талкууларда 30-июндан кийин АКШ жетектеген көп улуттуу күчтөр менен Ирактын өткөөл өкмөтү ортосундагы мамиле кандай болууга тийиш деген маселе кызуу талаш-тартышты жараткан.

Франция ири аскерий операциялар Ирак өкмөтүнүн макулдугу менен гана жүргүзүлүшү керек деген турумун жактап келген.

АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонте азыркы документ жактырылат деген үмүтүн билдирди:

- Резолюциянын долбоору Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан колдоо табат дешке негиз бар.

XS
SM
MD
LG