Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

БИШКЕКТИН ЖОЛДОРУ, ДЕПУТАТТАРДЫН ЖҮГҮ, ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИ


Саратан жайда депутаттар эки айга эс алууга чыгышат. Иш регламенти боюнча алдыдагы 14 күндө алар 82 мыйзам долбоорун карап чыгышы керек. Аптапта башкалаа Бишкектин көчөлөрүндө иш кызыйт. Тамтыгы чыккан жолдорду жамаачылап чыгуу түйшүгү башталат. Жаңы Салык кодексин жазып аткандар ишти айдын аягына чейин бүткөрүү камында.

Парламент каникулуна чейин мыйзамчы депутаттар ашып барса 14 күн иштей турганын дүйшөмбүдөгү «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Кабыл алууну күтүп аткан мыйзам долбоорлору, нормативдик документтердин жалпы саны 82 жетет. Журналисттер Данияр Каримов менен Элвира Темирдин эсеби боюнча, эгер кезегин күткөн мыйзам долбоорлорун депутаттар эрикпей карап чыгышса, ар бирине болгону 25 мүнөттөн гана тийет экен. Депутаттар болсо маанилүү маселе катары палата жыйыны өтчү залды оңдоо проблемасын талкуулоого киришти. 75 депутаттан турчу кийинки парламенттин мүчөлөрү 60 орунга эсептелген азыркы залга сыйышпайт.

Гезиттин маалымдоосуна ынансак, Бишкектин автожолдорун иликтеп чыгуу жумуштары башталды. Өңгүл-дөңгүл, уңкур-чуңкуру көп жолдордун 77 чакырымы оңдолгон. Ушу тапта дагы эки көчөгө асфальт төшөлүп жатыры. Андан кийинки кезекте дагы 25 чакырым жолду оңдоп чыгуу жумуштары башталмакчы. Бишкектин кээ бир көчөлөрүндө машине эмес, жөө адамдын жүрүшү кыйын, деп жазат гезит кабарчысы Зинаида Сорокина.

Жаңы Салык кодекси ушул жылдын августунда улуттук форумдун талкуусуна коюлары ушул эле гезитте кабарланат. Жаңы кодекс эмдиги жылдын башында колдонууга кирип калса, салык реформасынын кийинки этабы кирешеден алынчу салыктын өлчөмүн карап чыгуудан башталат.

Шейшембидеги «Агым» гезитинде кандай материалдар жарыяланганын басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленова айтып берет.

- «Агымдын» бүгүнкү саны «ыңгайсыз» суроолор менен ачылат. Кабарчыларыбыз өлкөнүн ар кайсы бурчтарындагы окурмандарыбыздан келген суроолор менен жооптуу кызматтагы адамдарга кайрылган. Ошондой эле парламент отурумунан жазылып алынган репортажыбыз бар. «Адилет шайлоо үчүн» жарандык биримдиктин өкүлдөрү жакында эки айыл өкмөтүндөгү шайлоого катышып келишкен экен. Ошолордун пикирин жарыялап жатабыз. Анан да социалдык турмуш, спорттук, маданий жаңылыктарыбыз бар. «Азаттык» радиосунун директору Тынчтыкбек Чоротегин менен болгон маек да ушул санда жарыяланды. Орусияда иштеп жүргөн жердештерибиздин башынан өткөн окуялар, медицина темасында жаш балдардын чарчап калышын баяндаган материалдар жарыяланууда.

«Аалам» гезити эмнелерди жарыялаганын билүү максатында башкы редактордун орунбасары Кенжебек Арыкбаевге микрофон сундук:

- «Аалам» гезитинин жаңы санында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана маданият маселелери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Муратбек Бегалиевдин «Маданият жалпы улуттук маселе, ал аркылуу эл руханий кубат алат» деген маеги жарыяланууда. М.Бегалиев менен Кенжаалы Сарымсаков маектешкен. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеевдин электр энергиясын Казакстанга 44, Орусияга 26 тыйындан, ал эми өзүбүздүн атуулдарга 40 – 80 тыйындан сатып атканыбыз тууралуу макаласы жарыяланууда. Парламент жөнүндө «Чарчоонун соңку ырлары» деген макала жарык көрдү. Дастан Сарыгуловдун «Улуттук дөөлөт, улуу мурас жана кыргыз элинин келечек тагдыры» деген көлөмдүү макаласына орун берилди.
XS
SM
MD
LG