Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

КАРЖЫ - ӨЛКӨНҮН КАНТАМЫРЫ


Кыргызстандын социалдык-экономикалык программаларын, мамлекеттик бюджетти иштеп чыгуу милдети каржы министрлигине жүктөлгөн. Ага кошумча, министрлик экономикалык реформалардын ишке ашырылышын талдоо, карыз акчалардын кайтарылышын көзөмөлгө алуу, бюджеттик уюмдардын, казыналыктын ишин текшерип турат.

Каржы министрлиги мындан 80 жыл илгери түзүлгөн. Орусия федерациясынын курамындагы автоном облусунда каржы бөлүмүн ачуу жөнүндө Ревком – Ыңкылап кеңеши атайын токтом кабыл алган.

Эгемендик тушунда министрлик курамына экономика боюнча мамлекеттик комитет кошулуп, аткара турган иштери арбыган. Ушу тапта 5 миңден ашуун киши иштеген министрликке кирешелер боюнча комитет, баалуу металлдар башкармалыгы, экономиканы өнүктүрүү ммалекеттик фонду, финансы полициясы баш ийет. Каржы министрлигинин түйшүгү Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин арбыды.

- СССР ыдырап, Кыргызстан базар мамилелерине өткөн соң кыска убакта экономика менен каржы маселелерин кайрадан карап чыгуу проблемасы айкүрүнөн коюлду. Кыргыз ССРинин ички дүң продуктунун 12% өлчөмү союздук борбордон дотация – колдоо катары келчү. СССР ыдырагандан кийин жаңы шартка ылайык келбеген түзүлүштүн чачырандысы энчибизде калды. Структуралык кризис 90-жылдарга туш келди, өндүрүштүн азайышы өнөр жайын кыйын абалга кептелтти, кеңеш заманы тушунда жетишилген деңгээлден төмөн түштүк. Азыр жүрүп аткан жаңыланууларга жакшылап абай салсак, андан постиндустриялык структуранын айрым белгилерин көрүүгө болот,- дейт каржы министри Болот Абилдаев.

Кыргызстанда менчиктештирүү улуттук масштабда жүргүзүлдү, деп маалымдады каржы министри. «Он жыл ичинде биз базар экономикасынын алиппесин үйрөнүп, кыйын чечимдерди кабыл алуунун мектебинен өттүк, туруктуу экономикалык өнүгүү университетине кирдик», дейт Болот Абилдаев.

Өкмөт башчы Николай Танаев ушу тапта экономикалык өнүгүүнүн ырааты 4,7% түзөөрүн маалымдады:

- Экономикалык реформалардын сапаты жана темпи боюнча биз КМШга кирген өлкөлөрдөн артта кала элекпиз, айрым аспекттер боюнча кыйласынан алдыдабыз. Биринчилерден болуп 2010-жылга эсептелген комплекстүү өнүгүү программасынын алкагында адамдын туруктуу өнүгүшү стратегиясын иштеп чыктык.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев 80 жылдыгын белгилеп жаткан каржы министрлиги кандай шартта иштей тургандыгын мындайча сыпаттады:

- Каржы министрлигиндегилер тынч кабинеттерде отурушканы менен иши өзгөчө абалды элестетет. Дайыма кысталыш, негизги долбоор, программалардын ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу министрликке жүктөлгөн. Менин оюмча, мезгили келгенде минфиндегилерге оор шартта иштегендиги үчүн кошумча акча төлөө маселеси коюлат. Бул жерде иштеген бир жылдан ашуун мезгилде менин башым ооручу болду. Мына министр болуп иштегенден бери бир жылдан кийин Болот Абилдаевдин да башы ооруп, эки жылдан кийин көзү ооруй баштаганын мага айтып берди.

Каржы министрлигине тийиштүү мекемелерде коррупция арбын кездешээри, колу туткак чиновниктердин алкын тыюу аракети жасалып жатканы 80 жылдык салтанаттын башталышында көрсөтүлгөн кинобаянда маалымдалды.

XS
SM
MD
LG