Оппозициячыл маанайдагы Республика партиясынын үч мүчөсү өз ачкачылыгын өткөн бейшембиде башташкан. Ишембиде аларга оппозициячыл маанайдагы дагы үч саясатчы кошулду. Ачкачылык жарыялагандар президент Александр Лукашенконун бийлигин үчүнчү мөөнөткө узартуу максатында өтүшү мүмкүн болгон референдумга каршылык билдирип жатышат жана шайлоо мыйзамы өзгөртүлүшүн көздөшүүдө. Алар менен Евробиримдикке кирген 8 өлкөнүн элчилери жана ЕККУнун өкүлү кечээ жолукту.