Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Облустук сот коллегиясы Акыйкатчы кызматкерлеринин арызын карады


ЖАЛАЛАБАД. Граждандык ишти териштирүүдө акыйкатчынын облустагы мурдагы өкүлү Кушназар Камытов жана адвокат Алтынбек Нармырзаев Жалалабад шаардык сотунун май айындагы аныктамасын жокко чыгарууну өтүнүштү. Кушназар Камытов облустык соттон Омбудсмен аны кайра акыйткатчынын Жалалабаддагы өкүлү кылып кызматка коюуну ишин карап, шаардык соттун бул тууралуу чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.

Облустук сот К.Камытовдун жана анын иштен бошоп калган кесиптештеринин арызын шаардык сот кайра карасын деген аныктама кабыл алды.

Маалымат үчүн айта кетели, буга чейин шаардык сот 3 кызматчынын акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна карата берген доо арызын карап, бирок өз чечимин даттануучуларды ишке катыштырбай туруп кабыл алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG