Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

Өзгөн районунда сел жүрдү


ОШ. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча, нөшөрлөгөн жамгырдан пайда болгон сел Эркинтоо кыштагындагы 35 огородду, 20 үйдү каптаган. Тилекке жараша, чоң кыйроолор болбогондуктан адам өмүрүнө да забын келгени жок. Бирок, огороддордун басымдуу бөлүгү жуулуп, үйлөрдүн жертөлөлөрүнө ылайлар толуп калган. МЧС адистеринин Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигине берген көрсөтмө катында баяндалгандай, ал үйлөрдүн полдорун чыгарып, ылай сууларын тазалап, кургатпаса, үйлөрдүн полдук жыгачтары толук чирип кетет. Ошондой эле сел каптаган үйлөрдүн жертөлөлөрүн санитардык эпидемиялык бекет толук инфекциялап чыкпаса чиркейлер толуп, андан безгек оорусу тарап кетиши ыктымал. Селден кыштак ичиндеги эки чакан көпүрө иштен чыккан. Ал эми селдин алдын алчу канал кыштак үстүндө болбогондуктан анын барын айылдыктар өздөрү жасайт. Район акимчилиги болсо жабыр тарткандардын айыл чарба салыгын убактылуу кыскартты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG