Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Акаев АКШдагы стратегиялык иликтөө ассоцациясынын өкүлү менен жолукту


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев бүгүн АКШнын Эл аралык стратегиялык иликтөөлөр ассоциациясынын вице-президенти Йозеф Боданскини кабыл алды. Бул жолугушууда тараптар АКШ Конгресси менен достук мамилени ар тараптуу тереңдетүү жана колдоо көрсөтүү маселесин талкуулашты. Акаев өз сөзүндө АКШдагы стратегиялык иликтөөлөр ассоциациясы менен Кыргыз президентинин алдындагы эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун тикелей кызматташтыгын калыптоого кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ушул эле күнү Бодански президенттин алдындагы Эл аралык стратегия институтунун башчысы Валентин Богатырев менен жолугушту. АКШдагы ассоциациянын вице-президенти Кыргызстанга ЮНЕСКОнун Эл аралык конференциясына катышуу үчүн келген.

XS
SM
MD
LG