Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Борборазиялык жерди иликтөө институтунун иши күчөтүлөт


БИШКЕК. Бүгүн Борборазиялык жерди иликтөө институтунун кеңешмеси премьер-министрдин төрагалыгында өттү. Анда өлкөнүн аймагында болуп аткан жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү багытында институтту жаңы техникалык аппараттар менен жабдуу маселелери каралды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга катышкан чет өлкөлүк жана жергиликтүү окумуштуулар жерди иликтөө институтун жаңы технологиядагы спутниктик байланыш менен жабдылаарын жана Боборазиянын илимий адистеринин аймактагы эл аралык кызматташуусу тууралуу билдиришти.

Борборазиялык жерди иликтөө институтун түзүү Кооперативдик келишимдин негизинде 2002-жылы Подстам шаарында макулдашылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG