Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

АДИЛЕТ ШАЙЛОО БИРИМДИГИ, САММИТ ДАЯРДЫГЫ


ЮНЕСКОнун көмөгү менен Ысыккөл боюнда өтүүчү «ХХI кылымдагы Евразия: маданияттар диалогубу же цивилизациялардын тирешүүсүбү?» жыйынына коңшу өлкөлөрдүн президенттери катышпастыгын «Республика» гезити жазды. Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мисир Ашыркуловдун адилет шайлоо өткөрүү максатында түзгөн саясий биримдиги тууралуу аркыл пикирлер жарыяланууда.

ЮНЕСКОнун башкатчысы Коитиро Мацууро мырза өзү катышчу эларалык жыйында маданияттар менен цивилизациялардын өз ара карым-катышы талкууга алынмакчы. Ага Евразиянын мамлекет башчылары, илим, маданият, дин ишмерлери катышат. Шейшембидеги «Республика» гезити каадалуу иш-чарага коңшу республикалардын жетекчилери катышпастыгын билдиришкенин маалымдады.

Ушул эле гезитте Жыпар Жекшеевдин «Ашыркуловдун кызматтан кетиши – биздин жеңиш» деген аталыштагы маеги жарыяланды. Анын айтымында, А.Акаевдин жанындагы жооптуу кызмат адамдарынын бир четтен оппозиция катарына өтүшү Кыргызстандын дымып турган саясий турмушун кыйла жандантты.

«Бул башталышы гана. М.Ашыркулов жалгыз баатыр эмес. Үй-бүлөнүн кызматын кылуудан тажагандар көп. Адамдык баркын кемсинткиси келбегендер, башы менен жер казып берилип кызмат кылуунун натыйжасыздыгына көзү жеткенден кийин кетип эле калышат», - дейт Жыпар Жекшеев.

Шайлоо жакындаган сайын атаандаштардын бири экинчисине көө жапмайы башталганы Гияз Токомбаевдин «Касапкананын да этикасы бар» деген макаласында баяндалган. Капчыгы калыңдар бул ишке москвалык журналисттерди тартууга куштар, деп маалымдайт макала автору.

Кыргызстанда цементтин баасы кымбаттаганы табигый кырсыктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө оңбогондой оорчулукту алып келгенине Геннадий Кузьмин токтолгон. Ушул эле автордун экинчи бир макаласында таасирдүү үй-бүлөнүн күйөө баласы менен уулунун ортосундагы тымызын атаандаштыктын себеп-жөнү иликтенген.

Мисир Ашыркулов оппозицияга өткөн менен анын жаңы өнөктөштөрүнүн ортосунда ичара ынтымак жок, деп белгилейт шейшембидеги «Эркинтоо» гезитинде Эсенбай Калдаров.

«Алар үчүн Аскар Акаев кетсе эле болду. Андан кийин Алатоону сел алып кетеби, куурайбызбы, жыргайбызбы – аны менен иштери жок», - деп жазат ал.

«Батыштын саясий технологдору жөн жатпай өз стратегияларына өздөрү күткөн жеңишке элди көтөрүү жолу менен эмес, шайлоолор аркылуу жетишүү принцибин туу кылып көтөрүп алышып, ал үчүн төрт багытта – оппозициялык партияларга, жарандык үгүт-насыяттоо секторуна, көз карандысыз ММКларга жана оппозиция көзөмөлдөп турган муниципалитеттерге жардам көрсөтүү жолдорун пайдаланышат экен», - деп жазат Т.Темиров ушул эле гезитте жарыяланган макаласында.

«Грузия «синдрому» бизге таңсыкпы?» деп суроо коет «Кыргыз туусу» гезитинин автору Мундузбек Тентимишев.

«Парламенттик шайлоо мөөнөтү алыста болсо да, тек грузиндерди туурап грузин боло албай, эки ортодо эле тынч жаткан Кыргызстандын элин дүрбөтүп, аларды өтө зарыл турмуштук иштеринен алаксыткысы келгендер кимди жыргатат?» - деп жазат автор.

Экинчи бир гезит автору Бекбай Алыкулов: «Кырк жыл бою Аскар Акаевичтин оң колу, оң көзү болуп жүрүп, президенттик оор жолдо оорун колдон, жеңилин жерден алып жүрүп, заматта эле ою менен жолун өзгөртүп, бийлик үчүн күрөшкөн башка топко кошулуп кетүүнүн, адилет шайлоо үчүн атуулдук кошуундун төрагасы боло калуунун жөн-жайы, себеби эмнеде?», - деп суроо коет.

10-11-июнда Ысыккөл жээгинде өтүүчү Евразия маданияттары, цивилизациялар диалогуна арналган эларалык жыйында талкууланчу проблемалар жөнүндө шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити кеңири материалдар топтомун жарыялады. Ушул эле темага илимпоз Алим Дөнөнбаевдин макаласы да арналган.
XS
SM
MD
LG