Польшалык телеканал бул төртөө аскердик операциянын соңунда эркиндикке чыкканын кабарлады. Ошондой эле оалициялык күчтөрдүн курамындагы польшалык бөлүктүн жетекчилиги бүгүн Ирактагы ал-Сувария шаарында миналарды зыянсыздандыруу маалында келип чыккан жарылуудан алты аскер мерт болгонун кабарлады. Өлгөндөрдүн экөө Польшанын, үчөө Словакиянын, дагы бирөө Латвиянын аскерлери болгон.